Саламаттыкты сактоо уюму 40 градустан ашкан ысык болушу мүмкүн деп эскертти
RU

Саламаттыкты сактоо уюму 40 градустан ашкан ысык болушу мүмкүн деп эскертти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбор Азиянын айрым аймактарында абанын температурасы 40 градустан ашып кетти. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өтө ысык коомдук саламаттыкка олуттуу коркунуч келтирерин жана жайдын эң кооптуу күндөрү али алдыда болушу мүмкүндүгүн эскертти.

Уюмдун Европа боюнча аймактык директору Ханс Клюге ысыкты жөн гана аба ырайы катары эмес, коомдук саламаттыкка жана коопсуздукка коркунуч катары кароо керектигин белгилейт.

Европа жана Борбордук Азиядагы 53 өлкө ДССУнун Европа аймагына кирет. Бирок, көпчүлүгүндө өтө ысыкка каршы улуттук план жок. Уюм алдын ала пландаштырылган чаралар медициналык жана социалдык кызматтарды тезирек уюштурууга, коомчулукка маалымат таратууга жана эң аялуу катмарларды коргоого мүмкүндүк берерин белгилейт.

Учурдагы негизги көйгөй - салкын жайлардын жетишсиздигинде, саламаттыкты сактоо мекемелеринин ысыктын кесепеттерине жетиштүү даяр эместигинде жана коомчулуктун аз маалымдуулугунда экени айтылат кабарда.

Уюм ысыктан коргоо чараларын буга чейин колдонгон өлкөлөрдүн тажрыйбасын жалпылап, бардык өлкөлөргө сунуштарды таратууну пландаштырууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18210