Мопед жана скутер башкаргандардан айдоочулук күбөлүк талап талап кылынат
Кыргызстанда мопед жана скутер айдагандар жол кыймылынын толук кандуу катышуучулары катары каралат. Эгер жол кыймылынын эрежелерин бузса унаа айдоочулары сыяктуу эле жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу 9-июнда Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Нурлан Ниязбеков билдирди.
Эми кыймылдаткычы 25 куб сантиметрден жогору, бензин менен жүргөн мопеддерди жана кубаттуулугу 4 киловаттан жогору болгон электр скутерлерин айдоо үчүн А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат.
Ошондой эле мопед, скутерди тротуарларда айдаса 5500 сом айып пул төлөшөт. Ошол эле айып пул айдоочуларга да ошол эле эреже бузуу үчүн салынат.
Башкармалыктан жаңы чаралар жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртууга жана акыркы жылдары саны бир топ көбөйгөн мопеддер менен скутерлерди колдонууну жөнгө салууга багытталганын белгилейт.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
