Пробация, тосмо арыз жарабайт. Мас абалда унаа айдагандардын жазасы күчөтүлдү
Өлкөдө алкоголь же баңгизатты колдонуу менен унаа башкарып, оор кесепеттерге алып келген кырсыктарды жасагандарга карата жаза катаалдашты. Тиешелүү мыйзамга Садыр Жапаров кол койду.
Кабыл алынган өзгөртүүлөр жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого, ошондой эле жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алууга багытталган.
Мыйзамга ылайык:
- унааны мас абалда башкарып баратканда кармалса 80 миң сом айып пул же 2 жылга эркинен ажыратылат. Эгер жаза мөөнөтү бүтө элек кезде унааны кайталап башкарса 100-150 миң сомго чейин айып пул же 1 жылга чейин эркинен ажыратуу, ошондой эле транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылат;
- мас болуп рулга отуруп жол кырсыгына кабылса 100 миң сом айып салынып, 3 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;
- мас абалда жол кырсыктарын жасап, ден соолукка оор залал келтирсе же адамдар каза болгон учурда айдоочу 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 9 жылдан 12 жылга чейин айдоочулук укугунан ажыратуу менен жазаланат;
- мас абалында оор жол кырсыктарын жасаган адамдарга пробация, тосмо арыз колдонуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды;
Ошондой эле айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганына карабастан транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул үчүн 200 (20 миң сом) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул каралган.
ЖКККББнын бөлүм башчысы Нурлан Ниязбеков күнөөлүү тарап жазасын өтөп бүткөндөн кийин гана айдоочулук укугунан ажыратылат деп белгилейт. Эки жаза бир убакта колдонулбайт.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
