Ырчы, дастанчы Алтынбек Каленов мезгилсиз дүйнө салды
RU

Ырчы, дастанчы Алтынбек Каленов мезгилсиз дүйнө салды

Все самое интересное в Telegram

Кыргыз улуттук "Манас" театрынын дастанчысы, ырчы Алтынбек Каленов 43 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын кесиптештери маалымдап, сыркоолоп жүргөнүн айтышууда.

Ырчынын сөөгү 21-июлда Нарын облусунун Ат-Башы районунда жерге берилет.

Алтынбек Каленов Нарындын Ак-Муз айылында туулган. Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияны аяктап, ырларды, дастандарды комуз менен аткарчу.

2008-жылдан тарта "Эл ырчысы Эстебес" тобунда эмгектенген. Кийин өз алдынча иштеп, Кыргыз улуттук "Манас" театрында да эмгектенип жүргөн.

Kaktus.kg редакциясы маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18301