Иш берүүчүлөргө талапкерлердин жеке жашоосу, балдары жөнүндө суроого тыюу салынат
33
Садыр Жапаров гендердик теңчиликке байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, жумуш орундарында басмырлоого жана сексуалдык куугунтуктоого тыюу салынат.
Өзгөртүүлөрдүн эң негизгилери:
- мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин штаттык курамында бир жыныстагы кызматкерлер үстөмдүк кылбашы керек. Тагыраагы, бир жыныстагы кызматкерлердин саны 70%дан ашпашы керек;
- эгерде эркек менен аял бирдей шарттарда бир бош орунга арыз беришсе, анда мекемеде жынысы аз болгон адамга артыкчылык берилет. Эгерде жумуш объективдүү түрдө белгилүү бир жынысты талап кылбаса жарыяга "эркектер же аялдар гана керек" деп жазууга тыюу салынат;
- кызматкер үч жылдан бери кызмат ордунан көтөрүлбөсө же окууга жөнөтүлбөсө, жетекчисинен жазуу жүзүндө түшүндүрмө сурай алышат;
- жумушка алуу процессинде балдар, кош бойлуулук пландары, жеке жашоо же үй-бүлөлүк милдеттер жөнүндө суроолорго тыюу салынат;
- үй-бүлөлүк милдеттер жумуштан бошотууга негиз боло албайт, үйдөгү милдеттер эркек менен аялдын биргелешкен милдети катары таанылат;
- бир эле жумуш үчүн бирдей эмгек акы төлөнүшү керек. Жыныстык белгиге жараша эмгек акынын төмөндөшү же жумуш шарттарынын начарлашы басмырлоо болуп саналат;
- иш берүүчүлөр гендердик зомбулуктун жана сексуалдык асылуунун алдын алууга жана ага каршы күрөшүүгө милдеттүү;
- кызматкер басмырлоого кабылса жетекчиликке, акыйкатчыга, прокуратурага же сотко кайрыла алат. Арыз купуя каралат жана арыз ээси жоопкерчиликке тартылбайт. Эгерде басмырлоо тастыкталса, сот моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтурууга, мыйзамсыз жумуштан бошотулган кызматкерди кайра жумушка орноштуруга мидеттендирүүгө укуктуу болот;
- жынысына (ошондой эле расасына, улутуна, жашына, майыптыгына, динине жана башка мүнөздөмөлөрүнө) негизделген басмырлоо 2 айдан 1 жылга чейин түзөтүү жумуштарына, 50 000 сомдон 200 000 сомго чейин айып пулга же 2 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18321
