Садыр Жапаров үгүт иштерине 44 миллион сом сарптады
RU

Садыр Жапаров үгүт иштерине 44 миллион сом сарптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы ведомствонун сайтына, президенттикке талапкерлер үгүт иштери үчүн банк эсептерине канча акча которгондугу жана бүгүнкү күндө канчасы сарпталгандыгы тууралуу жазды.

18-декабрга карата берилген маалыматка ылайык, Жапаров банк эсебине которулган 47 млн 404 миң сомдун 43 млн 720 миң сомун сарптады.

Андан кийинки орунда бизнесмен Бабуржан Төлбаев. Анын шайлоо фондунда 9 млн сом чогулган болчу. Бүгүнкү күнгө чейин ал 5 млн 687 миң сомун коротту.

Эң аз акча короткондордун катарына Клара Сооронкулова кирди. Ал банк эсебине түшкөн 1 млн 26 миң сомдун 1 млн 20 миңин үгүт иштерине колдонду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/160