11 журналисттин иши. Прокурор ар бирин 6 жылга эркинен ажыратууну сурады
RU

11 журналисттин иши. Прокурор ар бирин 6 жылга эркинен ажыратууну сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-сентябрда Ленин райондук сотунда 11 журналисттин ("Айт, айт десе", Temirov Live долбоорлорунун, "Арча Медиа" жана "ПолитКлиника" басылмасы) иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө. Процесске эксперт келбей калгандыктан, тараптар жарыш сөзгө чыгышты.

Прокурор журналисттердин ар бирин алты жылга эркинен ажыратууну суранды. Ал ошондой эле үй камагындагы жети журналисттин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү, өкүм чыкканга чейин аларды СИЗОдо камоону суранды.

Юрист Улан Сейитбеков 11 журналисттин иши - Кыргызстан жарандардын укуктары жана эркиндиктери боюнча конвенциялар жана макулдашуулар боюнча кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерди аткарбай жатканын көрсөтүп жатканын билдирди. Адвокат мамлекеттик айыптоочунун жүйөлөрү жана далилдери негизсиз дейт.

Жактоочу судьядан ишти мыйзам чегинде карап, актоо өкүмүн чыгарууну өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17481