Кафе-ресторандардын ээлерине дүңгүрөгөн тойлорду өткөрүүдөн баш тартуу сунушталды
RU

Кафе-ресторандардын ээлерине дүңгүрөгөн тойлорду өткөрүүдөн баш тартуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте ысырапсыз салтанаттарды өткөрүү жана сөөк коюу боюнча кафе ээлери менен жыйналыш өткөрүлдү. Борбор калаа башкармалыгынан кабарлашкандай, жыйынга мамлекеттик органдардын, муфтияттын өкүлдөрү, кафелердин жана башка ири чайканалардын, банкеттик залдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында тойкана ээлерине үй-бүлөлүк салтанат, куран окутуу сыяктуу иш-чараларды ысырапкорчулук менен өткөрүүнү пландагандарга кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу сунушталды. Ошондой эле каада-салттарды жана ырым-жырымдарды катуу тартипке салуу, коомдун руханий адеп-ахлагын калыптандыруу тууралуу кеп козголду.

"Кафе-ресторандардын өкүлдөрү бул багыттагы иш-чараларды колдошту. Ошондой эле ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17716