"Манас" аэропорту менен кызматташкан компаниянын учагы Суданда атып түшүрүлдү
RU

"Манас" аэропорту менен кызматташкан компаниянын учагы Суданда атып түшүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Суданда 21-октябрда жүк ташыган Ил-76 учагы атып түшүрүлдү. Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгондордун арасында Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын башкы инженери Виктор Гранов болгон. Анын документтеринен "Манас" аэропортуна таандык карта табылган.

"Манас" аэропортунан каза болгон Гранов боюнча комментарий берди.

"Суданда каза болгон Виктор Гранов "Манас" аэропортунун кызматкери эмес жана Кыргызстандын жараны болгон эмес, Россиянын жараны", - дешти аэропорттон.

"Манастан" аэропорт менен кызматташкан ишканалардын кызматкерлерине күбөлүктөр берилерин баса белгиледи. Грановдун ишинде бул New Way Cargo компаниясы болгон.

"Анын башкы инженер статусу болгон жана аэропорттун перронуна жана бортко уруксаты болгон. Бирок штатка уруксаты жок болчу. ИКАОнун эрежелерине ылайык, таркет берилген", - деп кошумчалашты.

Учак Кыргызстанга тиешелүү эмес, Россияда катталганы белгилүү болду.

Суданда 2023-жылдын апрелинен бери жарандык согуш жүрүп жатат. Учакты кайсы тарап атып түшүргөнү так айтыла элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17759