Sendy жана "Мир Привилегий" тиркемелери аркылуу Россиядан акча которуулар
5737
Россиядан Компаньон Банкынын карталарына оңой жана тез акча которуулар!
Sendy жана "Мир Привилегий" тиркемелеринин жардамы менен акча которуулар дароо сиздин картаңызга кыргыз сому менен чегерилет. Жөнөтүүчү тиркемелердин биринде сиздин картаңыздын номерин киргизип, Компаньон Банкын тандашы керек.
Акча которуулардын артыкчылыктары:
- Комиссия 0%*
- Которуулар бир заматта чегерилет
- Ыңгайлуу конверсия курстары
"Мир Привилегий" тиркемеси аркылуу которууну кантип жөнөтсө болот:
- "Рекомендуем" бөлүмүнө кирип, "Переводы в Кыргызстан" - "На карту получателя" бөлүмүн тандаңыз.
- Сумманы рубль менен киргизип, жөнөтүүчүнүн маалыматын толтуруңуз.
- Алуучунун картасынын номерин киргизип, "Отправить" баскычын басыңыз.
Sendy тиркемеси аркылуу которууну кантип жөнөтсө болот:
- Башкы менюдан "Сделать перевод" - "Кыргызстан" дегенди тандаңыз.
- Картанын номери боюнча которуу үчүн, "Перевод на карту" дегенди тандап - алуучунун картасынын номерин киргизиңиз. Сумманы киргизип - "Оплатить" баскычын басыңыз.
Комиссияны жөнөтүүчү төлөйт. Акча каражаттары рубль менен жөнөтүлөт, ал эми эсепке сом менен түшөт.
"Компаньон" тиркемесин Google Play же App Store дүкөнүнөн жүктөп алыңыз жана Россиядан акча которууларды тез жана пайдалуу курс менен алыңыз.
*Сенди тиркемесинде 8 000 рублдан ашык жөнөтүүдө комиссия 0%, 8 000 рублга чейин - 49 рубль.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17380