Президент көл жээкте велосипед менен жүрүп балыкчылардын маселесин чечти. Видео
RU

Президент көл жээкте велосипед менен жүрүп балыкчылардын маселесин чечти. Видео

Все самое интересное в Telegram

Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдүн жээгине велосипед менен барып, андагы тургундардын маселесин чечип жаткан видеосу тарады.

Интернетке тараган кыска видеодон президент жээкте кайырмак салып отургандар менен сүйлөшкөнүн көрүүгө болот. Жапаров алардан кандайдыр бир көйгөйлөр барбы деп сураган.

Жергиликтүүлөр балык уулоо кымбаттап кеткенин айтышкан. Президент ошол эле жерден телефон аркылуу балык уулоо акысын үч күнгө 600 сомго чейин төмөндөттүрдү деп айтылат видеодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18123