Пландан тышкаркы текшерүүдөн кийин пансионаттарга 767 000 сом айып салынды
RU

Пландан тышкаркы текшерүүдөн кийин пансионаттарга 767 000 сом айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкек прокуратурасы менен биргеликте Ысык-Көлдөгү бир нече пансионаттарды пландан тышкары текшерген. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, текшүрүүдө бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

Жалпысынан 54 административдик укук бузуу протоколу түзүлүп, 767 000 сом айып пул салынган. Пансионат ээлерине аныкталган эреже бузууларды тез арада оңдоо боюнча көрсөтмөлөр берилген.

Экономика министрлигинен тиешелүү уруксат алгандан кийин мындай текшерүүлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүү пландаштырылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18205