Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон Мусакеев эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду
RU

Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон Мусакеев эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду

Все самое интересное в Telegram

Мамлекеттик коопсуздук кызматынын (УКМКнын 9-кызматы) мурдагы башчысы жана Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Дамир Мусакеев өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу 10-июлда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Дамир Мусакеев Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматта турганда анын жансакчысы болуп иштеген. Ал 2016-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин 9-башкармалыгынын башчысы болуп дайындалып, бул кызматта 2018-жылдын апрелине чейин иштеген.

Кийин Дамир Мусакеев мыйзамсыз баюу жана кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүүгө байланыштуу айыпталып, соттолгон. Кийин анын иши кайра кароого жөнөтүлгөн. Буга чейин ал №1 тергөө абагында кармалып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18222