Уранбек Шадыбековдун камакка алынышынын чоо-жайы айтылды
RU

Уранбек Шадыбековдун камакка алынышынын чоо-жайы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбековдун кармалышынын чоо-жайы белгилүү болду. Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдиргендей, Шадыбеков жана Бишкек ШИИББдин кылмыш иликтөө кызматкери чет элдик жарандан 50 000 доллар алган деп шектелүүдө. Кызмат адамдары кылмыш ишин оң жагына чечип берүүнү убадалашкан дешет.

Кылмыш иликтөө кызматкери буга чейин УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында суракка алынган жана ага карата иш козголгон. Алдын ала маалымат боюнча, жабырлануучулар чет элдик жаран менен Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Канат Исаевдин уулу.

Булак ошондой эле тергөөгө таасир этүү үчүн ишти УКМКдан Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү аракеттери болуп жатканын айтууда. Бул маалымат расмий тастыктала элек.

Шадыбеков 2-сентябрга чейин тергөө абагына киргизилген. Ал коррупция боюнча айыпталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18231