Жалал-Абадда унаага жүктөлгөн чөп күйүп, өрт жайылды. Видео
RU

Жалал-Абадда унаага жүктөлгөн чөп күйүп, өрт жайылды. Видео

Все самое интересное в Telegram

Жалал-Абад облусунун Бек-Абад айылында унаага жүктөлгөн чөп күйүп, бир нече жайга жайылды. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Видеодон унаадагы жүк күйүп, унаа жуучу жайларды каптап, электр зымдары үзүлүп кеткенин көрүүгө болот.

Жалал-Абад ОИИБден кабарлашкандай, окуя боюнча териштирүү иштери башталды. Азыркыга алынган маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат дешти милициядан.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18461