Асанбай кичи районунда крандын кулаганы боюнча чара көрүлдү
Бишкектин Асанбай кичи районунда бүгүн, 6-августта курулуш краны кулап, токтоп турган унааларга зыян келтирди. Бул тууралуу күбөлөр редакцияга билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, эч ким жабыркаган жок, бирок токтоп турган бир нече унаага зыян келтирилди. Учурда келтирилген чыгымдар такталууда.Кийинчерээк Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлүп, автокран темир түтүктөрдү көтөрүү учурунда жүк көтөрүү техникасынын туруктуулугу талаптагыдай камсыздалбагандыктан оодарылып кеткени аныкталды.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, кулап калган автокранды жылдыруу учурунда жанындагы бир жеңил унааны чийип кеткен. Курулуш компаниясы келтирилген чыгымды толугу менен өз эсебинен калыбына келтирерин билдирди.
"Курулуш иштеринде коопсуздук талаптарын жана курулуш ченемдерин бузгандыгы үчүн "Нурзаман" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан сырткары прораб менен кран башкаруучу сертификатынан ажыратылды. Ал эми мамлекеттик көзөмөлдү талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү үчүн департаменттин жооптуу адисине тартиптик чара көрүлүп, ал ээлеген кызматынан бошотулду", - дешети министрликтен.