Мурдагы депутат Куванычбек Конгантиевге соттун өкүмү чыкты
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиевге соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкектин Ленин райондук сотунун өкүмү 15-июлда чыккан. Анда К.К.К. (Кубанычбек Конгантиев) "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 500 000 сом айып пул салынган.
Эске салсак, Куванычбек Конгантиев март айында УКМК тарабынан кармалган. Ал аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдаланып, жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурганга шектелип 10-мартта кылмыш иши козголгон.
Куванычбек Конгантиев март айында өзү жазган арыздын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттыгынан баш тарткан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18466