Сулайман-Тоо музей комплекси асма жол курууга жол берилбей турганын билдирди
Оштогу Сулайман-Тоонун аймагына асма жолду салууга жол берилбейт. Бул тууралуу Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, тоонун аймагындагы курулмаларга мыйзамда белгиленген нормаларга ылайык уруксат берилбейт. Тоо табигый, тарыхый бойдон сакталат дешет музейдин администрациясынан.
Белгилесек, буга чейин Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарууну сунуштоого ниеттенип жатканын айткан. Ал муну тоонун айланасында оңдоп-түзөө иштерине уруксат берилбей жатканы менен түшүндүргөн.
Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине "Ыйык тоо" номинациясы менен катталган Кыргызстандагы биринчи объект.
Жылына 350 миңден ашуун зыяратчы келген маданий комплекс мамлекеттин жана эл аралык уюмдун катуу көзөмөлүндө. Бул мыйзамдык статустар жана ЮНЕСКОнун эрежелери тоонун тарыхый-жаратылыш келбетин сактоону, ага зыян келтире турган ар кандай курулуштарга жол бербөөнү талап кылат.
