Жаңы Конституция катаал цензура киргизүүдө. Бул бардыгына кесепетин тийгизет
RU

Жаңы Конституция катаал цензура киргизүүдө. Бул бардыгына кесепетин тийгизет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Конституциянын жаңы редакциясындагы 23-берене коомчулуктун көңүлүн бурду. Беренин өзү негизги бөлумдө жайгашкан, жана массалык маалымат каражаттарына тиешелүү.

Анда төмөнкүлөр жазылган:

1. Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүдөгү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат.

2. Мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салынат же чектелет.

Беренедеги негизги учуру - бул "жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, КР элинин каада-салттарына" деген түшүнүк. Азырынча, ал түшүнүктүн өзү кандай, ыймандык баалуулуктарга эмнелер кирет жана баалуулук менен салттардын чегин ким аныктай турганы белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2