Матраимовдун иши боюнча иликтөөгө эки жыл болду. Эмне өзгөрдү?
RU

Матраимовдун иши боюнча иликтөөгө эки жыл болду. Эмне өзгөрдү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2019-жылдын ноябрь айында "Азаттык" радиосу Kloop жана OCCRP менен бирге Кыргызстандын бажы кызматындагы коррупция ишин иликтеп жарыялаган. Андагы жүргүзүлгөн иштер уйгур мультимиллионери Хабибула Абдукадыровдун жана анын үйбүлөсүнүн ишмердүүлүгүн бир бөлүгү деп айтылган. Ал иликтөөдө Стамбулда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин жана Кыргызстандын бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун аты да аталган. Айеркен Саймаити Кыргызстан аркылуу 700 млн доллар алып чыккан деген далилдер келтирилет.

Kaktus.media ошол иликтөө Кыргызстандагы кырдаалга кандай таасирин тийгизгендигин эскерет.

***

Кыргызстандын коомчулугу да саясатчылары да чындап шок абалында болушту. Көптөгөн талаптар, анын ичинде бийликке да коюлду.

Бирок өлкө жетекчилиги үн катпай отуруп алды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун аппараты иликтөөнүн фигуранттары менен тааныш эместигин айтып туруп алышты. Бирок алар 2017-жылы анын инаугурациясына катышкан болчу.

Болгону, материалда келтирилген маалымат көз жаздымда калбайт, деп белгиленди. Албетте, укук коргоочу органдар андагы далилдерди эске алышат.

Натыйжасында, башкы прокуратура ММКнын иликтөөсүн өз көзөмөлүнө алган.

Кийинчерээк масшатбдуу REакция өткөрүлүп, митингге мындайча айтканда "балконскийлер", өлкөнүн саясий турмушуна кийлигише бербеген жарандардын катмары да катышкан.

Бул ишти коом оңою менен унута койбосун түшунгөн бийлик иликтөө ишин созуп, Матраимовдордун үй бүлөсү тергөо менен толук иштешүүгө даяр экенин маалымдаган. Иликтөө иштерин ЭКККМК, ИИМ, Башкы прокуратура жана Коопсуздук кеңеши жүргүзгөн.

Бул аралыкта мамлекеттик ММКлар иликтөөнүн катышуучуларын актоого аракет кылышты. Бирок анчейин окшобой койду.

Коом алдындагы Матраимовдордун расмий өкүлү - депутат Искендер Матраимов иликтөөгө нааразы экенин айтып, ММКлар аны жарыялоого укугу жок деп жар салган.

Коомчулуктун кысымы алдында иликтөөнүн баш каарманы Райымбек Матраимов УКМКга барып сурак берип келген.

Бир эки жумадан кийин ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе боюнча комментарйи берүүгө аргасыз болду. Ал кыскача сүйлөп: "Факт бергиле!" деди.

Башка ММКлар да бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басарынын кирешесин дыкат изилдеп, көптөгөн кызыктуу маалыматтарды таап чыгышты. Маселен, байбичеси Уулкан Тургунова өзүн Аманда деп атаганды жактыраарын, анын кийимдери кээ бир мамлекеттик кызматта иштегендердин бир жылдык кирешесин түзөөрүн билишкен.

Бул материалдарды көчүрүп жарыялаган ММКлар DDoS-чабуулга кабылышкан.

Коомчулук дагы бир нече REакцияларды өткөрүп, бийликтен активдүү чара көрүүнү талап кылган.

Андан кийин Kloop, "Азаттык" жана OCCRP'нин журналисттеринин дагы бири иликтөөсу жарыяланып, анда кошумча фактылар келтирилген болчу.

***

Акыры реакция жасалды. Бирок коомчулук күткөндөй эмес. Сотко ММКларды беришти. Ал эми парламенттик шайлоонун алдында "Мекеним Кыргызстан" партиясы түзүлүп, айрым маалыматтарга ылайык, аны Матраимовдор каржылашкан. Партиядан шайлоого экс-бажычынын тарапташтары аттанышкан.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча партия жеңишке жетип, бийликтан "Биримдик" партиясын да ашып түшкөн. Мындай көрүнүш октябрь окуяларынын алып келишине себепкер болду.

Жаңы бийлик Райымбек Матраимовду иликтөө жарыяланганына бир жыл толгондон кийин камакка алды. Күтүүсүз жерден УКМК буга чейин айтылып жаткан фактыларды аныктаган.

Ошол кезде Матраимов Матраимов болбой калганы билинди. Көрсө, ал эбак эле Ысмаилов болуп алыптыр.

Дароо эле УКМК камакка алынган Матраимов мамлекетке келтирген 2 млрд сомдук зыяндын ордун толтуруп берүүгө даяр экенин жар салышты. Эмне үчүн так ушул сумма айтылган түшүнүксүз.

Матраимов келтирген зыянды мамлекетке кайтарып жаткан маалда дагы бир иликтөө чыкты. Бул ирет көңүл чордондо анын жубайы Уулкан Тургунова жана алардын бала багуучусу болду.

Жаңы 2021-жылдын алдында, 2 миллиарддын төлөнүп жаткандыгы боюнча УКМКнын жетекчиси - Камчыбек Ташиев өзү отчет берди.

Соттук териштирүу жүрүп жатканда Тургунова Сулайманова болуп фамилиясын өзгөртүп алганы аныкталды. Матраимов кызматташууга жана келтирген зыяндын ордун толтурууга даяр экенин жар салды. Ошонусу менен ал коррупция менен алектенип, мамлекеттин каражатын уурдаганын моюндаган.

КРдин Жазык кодексинин 319- "Коррупция" беренесине ылайык, бул кылмыш үчун 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Бирок Матраимов 260 миң сомдук айып пул менен гана кутулуп кетти. Сот анын мүлкүн аресттен чыгарды. Социалдык тармактын колдонуучулары бул \лдин жүзүнө карап түкүргөнгө барабар, деген баа беришти.

14-февралда, Бишкекте кезектеги марш өтүп, анын катышуучулары Матраимовду камакка алууну талап кылышкан.

18-февралда Матраимов кылмыштуу каражатты мыйзамдаштыруу фактысынын алкагында УКМК тараптан кармалды.

19-февралда, УКМКнын имаратынын алдында аны колдогондор митинг өткөрүп, андан кийин Биринчи май рйондук соттун алдына барышкан.

2021-жылдын апрель айында Матраимов эркиндикке чыккан. Ал ортодо 2 млрд каражатты акчалай жана кыймылсыз мүлк түрүндө кайтарып жетишти. Ден соолугуна шылтап колонияда эмес клиникада бир аз дарыланымыш этти да, кийин дароо эле пентхаус сатып алды.

Андан кийин дагы бир нече окуялар болуп кетти:

Райымбек Матраимов менен Аманда Тургунова ММКларга жана журналист Али Токтакуновго болгон дооматынан баш тартышты;

Матраимовдор атасынын урматына мечит ачышты;

Матраимов дагы бир пентхаус сатып алды;

Шайлоого Искендер Матраимов эле аттанды.

Козголгон кылмыш иш иликтөөнүн каармандары Райымбек Матраимов жана Хабибула Абдукадырдын уул кызынын баш кошуусу менен аяктады.

Ал эми бажы кызматы, сурамжылоолорго ылайык, дагы деле коррупцияга эң көп малынган орган катары эсептелинет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4440