АКШнын "кара тизмесине" Матраимовдун аялы Аманда да кирди
RU

АКШнын "кара тизмесине" Матраимовдун аялы Аманда да кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова да Магнитскийдин тизмесине кирди. Бул тууралуу Twitter'ге АКШнин мамлекеттик катчысы Майкл Помпео жазды.

"Мен кыргыз чиновниги Райымбек Матраимов жана анын аялы коррупцияга күнөөлүү деп эсептейм, жана алардын Магнитский тизмесине киришин туура көрөм. Биз биргеликте гана коррупцияга каршылык көрсөтө алабыз. Ошондуктан, бүт дүйнөдө адамдын укуктарын бузулгандар жоопкерчиликке тартылуусуна үндөйм", - деп америкалык чиновник өз баркчасына жазган.

Белгилей кетсек, Тургунова буга чейин Factcheck.kg жана Bellingcat'тын Матраимовдор тууралуу иликтөөсүндө эскерилген. Ал социалдык тармактарда өзүн Аманда Тургунова, деп атайт. Журналисттер анын зергер буюмдарынын баасы Райымбек Матраимовдун жана анын жакын туугандарынын 2015-жылдагы бир жылдык расмий кирешесинен алда канча көп экенин аныкташкан. Бул публикациядан кийин Factcheck.kg жана ал материалды жарыялаган сайттардын бардыгы DDoS-чабуулга (атакага) туш болушкан.

Буга чейин ММКлар Тургунованын атына Дубайдагы кыймылсыз мүлктөр катталганын айтып чыгышкан. Мүлктүн жалпы наркы $12,5 млн.го барабар.

Эске салсак, АКШнин бийлиги Райымбек Матраимовго карата санцияларды киргизген. Магнитский актынын алкагында анын банк эсептери жана АКШдагы же башка өлкөлөрдөгү Матраимовдун көзөмөлүнө кирген мекемелердеги финансылык операциялар тоңдурулат. Америкада банк эсептеринин бар-жогу белгисиз, бирок эксперттер экс бажы кызматкери үчүн башка кесепеттери да тие турганын белгитлеп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/89