Бокс боюнча курама команданы даярдаган машыктыруучу Адылкан Бекболотов дүйнө салды
RU

Бокс боюнча курама команданы даярдаган машыктыруучу Адылкан Бекболотов дүйнө салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

6-декабрь күнү эртең менен Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов 58 жаш курагында көз жумду. Мындай маалымат Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги таратты.

Бекболотов 2009-2017- жылдар аралыгында өлкөнүн бокс боюнча башкы машыктыруучусу болгон. Ал республиканын 10 жолку чемпиону, СССР Кубогунун күмүш байгесинин ээси, СССРдин спорт чебери болгон. Рингде 350 беттеш өткөрүп анын 320сын жеңип чыккан.

Адылкан Бекболотовду жерге берүү зыйнаты 8-декабрда, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Күрмөнтү айылында өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/55