Бишкек шаарында кургак учукту дарылоочу жаңы оорукана ачылды
RU

Бишкек шаарында кургак учукту дарылоочу жаңы оорукана ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында кургак учукту дарылоочу жаңы оорукананын ачылышы болду. Ага өкмөт өкүлдөрү катышканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов саламаттыкты сактоо тармагына көрсөткөн жардамы үчүн Германия Федеративдүү Республикасына ыраазычылыгын билдирди.

Ачылыш аземде Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил саламаттык сактоо тармагы эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири катары саналарын айтты. Ал оорукананын кызматкерлерине ийгиликтерди каалады.

"Кургак учукту дарылай турган клиниканын жалпы бюджети 6,5 миллион еврону түзөт. Ооруканага 128 керебет коюлмакчы. Кургак учуктун дарыга туруктуу, сезгич, ачык жана жабык түрлөрүн дарылоочу палаталар бар. Радиологиялык бөлүм жана интенсивдүү терапия бөлүмү бардык керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган. Лабораторияда гематологиялык, биохимиялык, заара, ИФА анализаторлору бар. Заманбап желдетүү системасы иштелип чыккан, ХЕПА-фильтрлери орнотулган (алар микробдорду тышка чыгарбайт), ультракызгылт көк бактерициддик лампалардан өткөн аба дезинфекцияланып турат",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек оорукана "Кургак учукка каршы күрөшүү программасы – V" гранттык долбоорунун алкагында курулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10489