Муфтият: Вакцинация Орозону бузбайт
RU

Муфтият: Вакцинация Орозону бузбайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Вакцинациядан өтүү Орозону бузбайт. Коронавируска каршы эмдөө алабы же жокпу, ар бир жаран өз алдынча чечет, деп КМДБден билдиришти.

"Ар бир адам өзү чечет вакцинациядан өтөбү же жокпу жана вакцинанын кайсы түрүн тандайт. Биз вакциналарды текшерүү үчүн жооп берген мекеме эмеспиз, ошондуктан тиги же бу вакцинанын курамы жарайт же жарабайт, деп айта албайбыз", - деп Kaktus.media редакциясына Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн өкүлү Бактияр Токтогазиев комментарий берди.

Андан тышкары кабыл алынган вакциналар орозону бузбай турганын белгиледи.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, биринчи этапта вакцинаны медициналык кызматкерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, мугалимдер, жана социалдык кызматкерлер алышат.

Ведомствонун айтымында, вакцина коронавирустук инфекциянын жайылып кетүүсүн төмөндөткөн негизги ыкмалардын бири болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1151