Коронавирус болуп ооругандар орозо кармай алышабы? КМДБ жооп берди
RU

Коронавирус болуп ооругандар орозо кармай алышабы? КМДБ жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коронавирус болуп ооругандар орозо кармай алышабы? Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы айтып берди.

"Бардыгы адамды дарылап жаткан дарыгердин рекомендацияларынан көз каранды. Эгер дарыгер бейтаптын ден соолугунун абалы орозо тутууга жол бербейт, деп айтса, анда анын айтканы менен болуу керек. Эгер орозо кармоо адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратса, анда аны кармабай эле коюуга болот. Мындай учурларда шариат уруксат берет. Бирок, жакшы болуп калгандан кийин карызды кайтарып берүү зарыл", - деп Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн өкүлү Бахтияр Токтогазы уулу айтып берди.

Эске салсак, 2021-жылы Орозо айы 13-14 апрелде башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1034