Бишкектеги суу кризиси. Маселе качан, кантип чечилет?
RU

Бишкектеги суу кризиси. Маселе качан, кантип чечилет?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте быйыл мурда болуп көрбөгөндөй таза суу тартыштыгы келип чыкты. Бишкек шаарынын чет-жакасында таза суу маал-маалы менен өчүрүлүп, бул калаа тургундарынын нааразычылыгын күчөттү.

Күн ысыганы таза суу көйгөйү көтөрүлүп, kaktus редакциясына суу маселеси менен кайрылган жарандарын саны дагы да токтой элек.

Маселенин орчундуу экени мэриянын унаа уучу жай, мончо жана бассейиндерди убакытуу жабуу чечиминен кийин билинди.

Көп өтпөй, аталган жайлар четинен жабылып баштады. Бул арада жаңы конуштардын, шаар тургундары ичүүгө суусу жок болуп жаткан учурда унаа жуучу жайлар иштеп жатканына нааразы болушту.

Мэрия мончо, бассейин, унаа жуучу жайлардын ишине чектөө менен эле токтогон жок. 6-июндан 7-июнга караган түнү калаа жетекчилиги түштүк кичи райондорунда кечки саат 23:00дөн таңкы 06:00гө чейин ичүүчү сууну токтотууга мажбур болгонун ачыктады.

Бул арада вице-мэр суу маселеси шаарда жок экенин айтып, көйгөй жаңы кошунтарда болуп жатканын айтты. Ошол эле күну айрым депутаттар Жогорку Кеңеште бул маселени көтөрүп, чечүү керектигин айтышты.

Буга Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев: парламент бул маселени талуулагандан мөңгүлөр эрип кетпей экенин айтып, эл өкүлөрүнүн эс алуусуна аз гана убакыт калганын белгилеп, көп мыйзам каралбай калышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Эл араң эле турганынын белгиси: ошол эле күнү, 7-июнда Арча-Бешик" жаңы конушунун тургундары суунун жоктугунан улам митингге чыгып, жолду тосушту.

Нааразылык акцияга чыккандарга мэрия өкүлдөрү жолугуп, маселени чечип берүүнү убада кылды.Бир аз убакытка жол тоскон жергиликтүү жашоочулар шаар бийлигине көйгөйлөрүн айтып, ичүүчү сууну берүүнү талап кылышты.

Депутаттар кезексиз жыйында жаңы суу кампаларын куруу маселесин карашты

8-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болуп, анда айрым депутаттар мэрияны сындашты.

Жыйынга мэр Абдыкадыров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен бирге Сочиде иш сапарда жүргөнүнө байланыштуу келген жок. Анын ордуна вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев катышты.

"Бишкексууканал" абоненттеринин 12%ында гана суу эсептегичтери бар

Жыйында вице-мэр "Бишкексууканал" абоненттеринин 12%ында гана суу эсептегичтери бар экенин айтып, бир адамга суткалык керектөө нормасы 170 литр болсо, иш жүзүндө 500 литрге жетип жатканын кошумчалады. Ал белгилегендей, суу тартыштыгынын негизги көйгөйү ичүүчү суунун жайкысын сугатка пайдаланылганынан келип чыгууда.

Шамыралиевдин айтымында, суунун суткалык керектөө нормасынан ашыкча чыгымы 70%ды түзөт. Ошондой эле суу түтүктөрдүн 70-80%ы эскирип, оңдоого муктаж.

Бул учурда мэриянын маалымат кызматы жаңы конуштарга суу берилгенин, бирок жашоочулар ошол замат бакча сугарганы колдонуп жатканын маалымдады.

Бирок, бул маалыматты жаңы конуштун жашоочулары четке кагып жатышат. Ошол эле Арча-Бешик жаңы конушунун тургундары суу дагы деле жок экенин айтышты.

Маселе канча убакта чечилет?

Суу маселеси Жогорку Кеңеште 8-июнда көтөрүлдү.Анда маселени Парламент чече албай турганын Марлен Маматалиев белгилеп, Министрлер кабинетине тапшырма берүү керек деген оюн ортого салды. Депутаттар маселе чечилгиче Бишкектин калктуу конуштарына сууну өрт өчүрүүчү унаалар менен жеткирүүнү да сунушташты.

Бишкектин 40% таза суу менен камсыз кылып келген Орто-Алыш суу кампасында суунун көлөмү учурда аз. Айыл чарба министрлиги шаарды жана Арашан, Таш-Мойнок, Кара-Жыгач, Лебединовка, Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн сугат жана таза суусу менен камсыздаган Аламүдүн дарыясынын көлөму дагы жылдагыдан 3-4 эсеге аз экенин маалымдаган.

"Бишкексууканал" буга кошумча калаа тургундарынын үй-тиричилигинде сууга болгон муктаждыгы өсүп жатканын айтып, жарандар чарба жумуштарына таза сууну колдонуп жатканы үчүн да маселе курчуп баратканын билдирген.

"Бишкекте таза суу менен камсыздоодогу башкы маселе жер алдындагы түтүктөрдүн эскилиги жеткенинде. Экинчиси, шаар тургундары жана коноктору сууну аябайт, коромжу кылып колдонот. Айрыкча жеке сектордо жашагандардын таза сууну бак-шагын сугарып, машинесин, короосун жууганынан улам ушундай маселе чыгып атат. Таза сууну ичүү үчүн гана пайдалануу керектигин суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Ушу тапта борбордо 270,300 миң суу абонент бар

Эл өкүлдөрү бул маселени грант алуу үчүн суу саясаты боюнча өзүнчө министрлик түзүү менен чечсе болот дешет. Парламенттин Бюджет комитети министрлер кабинетине суу алуучу жайды курууга каражат бөлүүнү тапшырды. Эми ал каражаттар качан бөлүнөт, суу кампалары качан курулуп бүтөт, белгисиз. Эскилиги жеткен суу түтүктөрүн мэрия качан алмаштырат? Айтор, бул маселе кыска убакта чечилип кетпей турганы айдан ачык болуп тургандай.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12842