Андан мөңгүлөр ээрип кетпейт.Шакиев парламентте суу көйгөйүн талкуулоонун кереги жок дейт
RU

Андан мөңгүлөр ээрип кетпейт.Шакиев парламентте суу көйгөйүн талкуулоонун кереги жок дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкектин суу көйгөйүн парламент жыйынында кароонун маанисин көрбөйт. Буга чейин депутат Дастан Бекешев суу маселесин көтөргөн.

Парламенттин 7-июндагы жыйынында Бекешев бул өтө маанилүү маселе экенин, бирок депутаттардын негизги милдети мыйзамдарды кабыл алуу экенин белгиледи.

"Ал эми бул экономикалык маселе, аны министрлер кабинети чечиши керек. Бул маселелерди талкууласак, аз убакыт калды, көп сандагы мыйзам долбоорлорун кароого үлгүрбөй калабыз", - деди Шакиев.

Ал суу маселесин профилдик комитетте же фракцияларда кароону сунуштады.

"Бизде 20 гана күн калды [эс алууга чыгууга]", - деп кошумчалады спикер.

Анткен менен Дастан Бекешев ага парламенттин контролдоочу функциясы да бар экенин эске салды.

Анда Шакиев 8-июнь, бейшемби күнү "ар кандай маселелер" процедуранын ордуна бул маселени талкуулонр боло турганын айтты.

"Бирок министрлер кабинетинин төрагасы менен Бишкектин мэри бүгүн түштөн кийин Сочиге учуп жатышат. Быйыл күн салкын болуп, мөңгүлөр, карлар эриген жок, андыктан суу демейдегиден аз экенин түшүнүшүбүз керек. Бул жерде ал маселени талкуулаган күндө деле суу көбөйүп кетпейт, андан мөңгүлөр ээрибейт. Муну унутпашыбыз керек", - деди спикер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12810