Мэрия Бишкекте мончолор жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабылуу себебин түшүндүрдү
RU

Мэрия Бишкекте мончолор жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабылуу себебин түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте мончолор жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабылууда. Буга ичүүчү суунун жетишсиздиги себеп болгон.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, суунун кескин тартыштыгына байланыштуу мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев тиешелүү кызматтар менен биргеликте рейд жүргүздү.

Рейддин жыйынтыгында сууну көп сарптаган 15 жеке мончо жана унаа жуучу жай убактылуу жабылды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан камсыздалат.

Борбор шаарды суу менен камсыздоонун негизги булагы Орто-Алыш суу алгычы болуп саналат, ал ичүүчү суунун 40%дан ашыгын камсыздайт.

"Акыркы жылдарда, өзгөчө жай мезгилинде калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси турак жайларда гана эмес, Бишкек шаарында да курчуп кетти.

Бир кишиге суткасына орточо суу керектөө 170 литрден 410 литрге чейин, тагыраагы 241%га өскөн.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан "Бишкексууканал" башкармалыгына Чоң-Алыш каналынан жана "Орто-Алыш" магистралдык суу алгычынын көлмөлөрүн толтуруу боюнча бардык чараларды көрүү, Ала-Арча дарыясын, ошондой эле Орто-Алыш суу алгычынын суу толтуруучу көлдөрү үчүн альтернативдик суу өткөргүчтү куруу боюнча тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүү тапшырмасы берилди", - деп айтылат маалыматта.

Ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында учурда төмөнкүдөй иштер жүргүзүлүүдө:

  • - Фрунзе, Айни, Боронбай, Садырбаев, Гагарин көчөлөрүн суу менен камсыз кылуу үчүн Адышев көчөсүнө узундугу 1 чакырымга созулган суу түтүгүн куруу иштери жүрүп жатат;
  • - Көк-Жар суу алгычындагы экинчи даражадагы насостук станциясынын курулушу жүргүзүлдү. Ошондой эле Скрябин, Горький, Пудовкин көчөлөрүнө, Аламүдүн, Көк-Жар кичи райондоруна диаметри 600 мм жана 400 мм болгон 5 буроо орнотуу маселеси каралууда.
  • - кошумча скважиналарды бургулоо максатында учурдагы Баш-Карасуу (2,0-3,0 га), Сельский (2,0-3,0 га), Контр суу сактагычтардын (4,0 га) аймагын кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматтары тарабынан рейддер күчөтүлүп, калкка ичүүчү сууну этияттык менен пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12749