Дастан Бекешев суу маселеси тууралуу: Эл жакында көчөгө чыгат
RU

Дастан Бекешев суу маселеси тууралуу: Эл жакында көчөгө чыгат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте суунун өчүрүлүшүнө нааразы болгон жарандар жакында көчөгө чыгат, деп эсептейт депутат Дастан Бекешев. Бул тууралуу ал 7-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ал бул маселени бир нече жолу көтөргөн, бирок борбор калаанын мэриясы да, министрлер кабинети да эч кандай чара көрбөй, маалымат беришкен эмес.

"Жакында эл көчөгө чыгып, бизге [Жогорку Кеңешке] келишет", - деп белгиледи депутат жана парламенттин жыйынына мэриянын жана министрлер кабинетинин өкүлдөрүн чакырууну сунуштады.

Анын демилгесине Улан Примов менен Максат Сарбагышев макул болушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12808