Көңүл бургула! Бишкектин түштүк кичи райондорунда түнкүсүн ичүүчү суу өчүрүлөт
RU

Көңүл бургула! Бишкектин түштүк кичи райондорунда түнкүсүн ичүүчү суу өчүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбор калаада таза суу менен камсыздоодогу оор кырдаалдан улам "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы шаардын түштүк аймагына түнкүсүн ичүүчү сууну берүүнү токтотууга аргасыз болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ичүүчү суу 6-июнда өчүрүлөт. Ал эми өчүрүүлөр, мэриянын айтымында, кырдаал жакшырганга чейин уланат.

Шаардын түштүк кичи райондорунда саат 23:00дөн 06:00гө чейин үйлөрдүн жогорку кабаттарына, Ынтымак жана Ала-Арча конуштарына таза суу берүү токтотулат.

Ошол эле учурда ооруканаларда суу болот, деп ишендирди мэрия.

"Кечирим сурайбыз, бирок бул аргасыз чара, анткени борбор калааны туруктуу суу менен камсыз кылуу үчүн суу сактагычтарды толтуруу зарыл", - деп билдиришти мэриядан.

"Бишкексууканал" ишканасы Kaktus.media сайтына түшүндүргөндөй, үстүңкү кабаттарга суу чыгарган кошумча насостор өчүрүлөт, ал эми төмөнкү кабаттарда суу болот. Бул суу сактагычтарды түн ичинде толтурууга, күндүзү бардык үйлөргө бир калыпта суу жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12804