TikTok`ту жабуу өтүнүчү менен Маданият министрлигине кайрылган уюмдардын тизмеси
RU

TikTok`ту жабуу өтүнүчү менен Маданият министрлигине кайрылган уюмдардын тизмеси

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият министрлиги 18 уюм жана бейөкмөт уюмдардын кайрылуусунан улам TikTok`ту бөгөттөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул билдирди.

Анын айтымында, жарандардан кайрылуулар "көп" түшкөн. Арыз бергендердин так санын сураганда Чыңгыз Эсенгул "18 бейөкмөт жана коомдук уюмдар" деп жооп берди.

"Биз механизмдери тууралуу билбейбиз, муну менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги алектенет", - деп түшүндүрдү ал.

Арызданган уюмдардын тизмеси:

  • "Калктын аялуу топторун өнүктүрүү жана коргоо борбору" коомдук фонду
  • "Ак-Жүрөк" кризистик борбору
  • "Аялзат" уюму, Ош
  • "Бейөкмөт уюмдардын аймактык альянсы" ассоциациясы
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин "Нурзаман" коомдук бирикмеси
  • "Ар бир балага үй-бүлө" коомдук фонду
  • "Балалык институту" коомдук фонду
  • "Адам, мыйзам, коом" коомдук фонду
  • "Өнөр кенчи" коомдук уюму
  • "Медиа форум" бейөкмөт уюму
  • "Бизнес чөйрөсүндөгү аялдардын лидерлеринин ассоциациясы" бейөкмөт уюму
  • "Майып аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясы" коомдук уюму
  • "Ансар Керемети" коомдук фонду
  • "Менин үй-бүлөм" коомдук фонду
  • "Баяжан" коомдук уюму
  • "Эне үнү" коомдук фонду
  • "Бабушка Эдопшн" фонду
  • "Кайрым" коомдук фонду

Эске салсак, бүгүн, 30-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда TikTok тиркемесин жайылтуу боюнча иш-аракеттерди токтотуу чечимин кабыл алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14187