Маданият министрлиги Кыргызстанда TikTok`ту жабуу чечимин кабыл алды
RU

Маданият министрлиги Кыргызстанда TikTok`ту жабуу чечимин кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда TikTok тиркемесин бөгөттө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кабыл алууга "бир катар бейөкмөт уюмдардын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден соолугуна терс таасирин тийгизген TikTok социалдык тармагынын зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданууларынын" көбөйүшү себеп болгон.

Маданият министрлиги бул социалдык тармактын мазмунуна мониторинг жүргүзүп, анда балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтарды алууга, ошондой эле жаш категориясын көзөмөлдөө функциясына эч кандай чектөөлөр жок экенин аныктады. Корутундулардын негизинде министрлик Кыргыз Республикасында тиркеменин иштешине тыюу салуу чечимин кабыл алды жана мындан ары ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жүзөгө ашыруу үчүн өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине чечим жөнөттү.

Эске салсак, Жогорку Кеңеште айрым депутаттары - Надира Нарматова, Жаныбек Кыдыкбаев, Шайлообек Атазов TikTok социалдык тармагын жабууну сунушташкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14186