"Дени сак эне айына жетпей төрөбөйт". Эмне үчүн Бишкекте наристелердин өлүмү уланууда?
RU

"Дени сак эне айына жетпей төрөбөйт". Эмне үчүн Бишкекте наристелердин өлүмү уланууда?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда акыркы 15 жылда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өлүмү 40%га кыскарды. Бирок өлкөдө жылына эки миңден ашуун ымыркай чарчап калат. Бишкекте жылына миң төрөлгөн баладан орто эсеп менен 20 бала каза болуп калат. Анын себеби эмнеде болуп жатат? Kaktus.media бул суроого жооп издейт.

Ара төрөлгөн ымыркайлардын чарчап калуу ыктымалдуулугу жогору

Ымыркайлардын өлүмүнүн себептеринин структурасында биринчи орунду перинаталдык мезгилде пайда болгон шарттар ээлейт. Көпчүлүк учурларда - ара төрөлгөн балдардын арасында. Бишкекте мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн ымыркайлар Шаардык перинаталдык борбордун (4-төрөт үйү) неонаталдык патология бөлүмүндө каралат.

Бөбөк Рамазан Бунисанын экинчи баласы (аты-жөнү өзгөртүлдү). Кош бойлуулук, аялдын айтымында, жакшы өткөн, эч кандай коркунуч болгон эмес.

"Мен кош бойлуулук бою активдүү болдум, эч кандай кыйынчылык болгон эмес. Анан 33-жумада ичимдин ылдый жагы ооруп, баса албай калдым, келип анализ тапшырдым, УЗИге түшүп, текшерилдим. Басканга кыйын болуп калган. Көрсө, менде симфизит бар экен. Мени ооруканага жаткырышып, ал жерден көйгөйдү таап, шашылыш операция жасашты. ичимдин ылдый жагы ооруп, жүрөгүм айланып, кускум келип, башым ооруп жатты. Нөөмөттөгү дарыгерди чакырып, ал менин кан басымымды текшерди. Ал учурда менин кан басымым төмөндөй баштаган. 30га 40 болду окшойт. Ал эми пульс 150-160 болду. Андан кийин дарыгерлер сүрөттү көрөөрү менен "отслойка" дешти. Тезинен операция кылуу керек дешти. Себеби, курсактагы бала ай күнүнө жете элек болчу.

Ошол себептүү убакыт аз болсо да бала экөөбүздү сактап калуу керек дешти. Операция бир сааттын тегерегинде болду окшойт. ", - дейт төрөттөн кийин аял.

Операциядан кийин эне менен ымыркай реанимацияга жаткырылган. Алар 12-13-күнү палатага которулушкан. Дарыгерлер Бунисага симфизиттин негизги себеби кальцийдин жетишсиздигинен экенин, акыркы убакта ага окшогон аялдар көп болгонун түшүндүрүшкөн.

"Мындай учурда моралдык колдоо да абдан маанилүү экен. Себеби сен балаңдын кийинекей экенин билбейсиң. Ошол үчүн моралдык колдоо абдан керек экен. Бардык дарыгерлердин тобуна ыраазычылык билдирем. Реанимациянын дарыгерлери абдан жакшы карашат, жардам беришет, баламды аябай жакшы карап жатышты", - дейт каарман.

Күмүш (аты өзгөртүлдү) 33 жумалыгында кесарево жолу менен эгиз кыз төрөдү. Ал тез жардам кызматы менен төрөт үйүнө жеткирилген.

"Бул менин төртүнчү жана бешинчи наристелерим. Кош бойлуулугум жакшы эле өткөн. Көргөн дарыгерим герпес инфекциясы бар экенин айтты. Баардык дарыларды ичип, бардык уколдорду алдым. Төрөт үйүндө дарыгерлерден кыздарымдын эмне үчүн мөөнөтүнөн мурда төрөлгөнүн сурадым, алар "бул кандай болгон күндө да инфекция" дешти. Кудайга шүгүр, кыздардын ден соолугу жакшырып, күндөн-күнгө салмак кошуп жатабыз. Алгач реанимацияда инкубатордо жатышты. Бирок азыр алып жатам, аларды эмизем", - деди аял.

"Дени сак аял убагынан эрте төрөбөйт"

Шаардык перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамиля Марипова айына жетпей төрөлгөн ымыркайлардын саны көбөйүп жатканын белгиледи: "Төрөт үйүнө жылына 11 миңге жакын аял келет, төрөлгөндөрдүн 11ден 12%га чейини ара төрөлгөн ымыркайлар. Акыркы үч-беш жылда сандар кыйла өзгөрдү. Үч жыл мурун 10% болсо, бүгүнкү күндө 11-12% болду"

Анын айтымында, себептер ар кандай болушу мүмкүн, бирок эң негизгиси – эненин ден соолугу.

"Убагынан мурун төрөлгөн баланы - дени сак энеси төрөбөйт. Бул тамактануу адаттары, стресс, кээ бир оорулар, балага таасир эткен вирустук же бактериялык инфекциялар болушу мүмкүн, ошого жараша эрте төрөт башталат. Илимий маалыматтар боюнча эң көп таралган себеп бул инфекция болуп саналат. "Балким, кош бойлуу аялдын денесинде курч же өнөкөт инфекция болушу мүмкүн жана кандайдыр бир себептерден улам түйүлдүккө таасирин тийгизет", - деп түшүндүрдү төрөт үйүнүн башкы дарыгери.

Эрте төрөлгөн балдарга кам көрүү кыйын

Башкы дарыгердин педиатрия боюнча орун басары Арзыкан Жайнакова мындай деп баса белгиледи: ара төрөлгөн ымыркайлар биринчи кезекте өпкөсү жетиле элек болгондуктан жашай албайт.

"Бул кеңири таралган учур. Мисалы, салмагы 1 килограммга жетпеген жана 28 жумага чейин төрөлгөн ымыркайлардын өпкөлөрү иш жүзүндө сурфактант чыгарбайт, өпкөсү иштебейт. Мүмкүн болсо өпкөнү ача турган дарыны колдонобуз. Мындай балдар кувезде эненин жатынына жакын шарттарда, жасалма дем алдыруу аппаратында жатат", - деп белгиледи ал. Анын айтымында, мындай 100 баланын ичинен 10% гана аман калат.

"Перинаталдык мезгилдеги инфекциялар энелерибиздин абалын түздөн-түз чагылдырып турат. Бул төрөткө чейин, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин пайда болгон инфекциялар. Андан кийинки мисалы, герпес вирустук инфекциялар, бактериялык инфекциялар кургак учук, хламидиоз, микоплазмоз, сифилис, гонорея жана башкалар...", - деп белгиледи Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы неонатологу Сагынбү Абдувалиева.

Инфекциялар балдардын өмүрүн алууда

Абдувалиева ымыркайлар да инфекциядан чарчап жатканын белгиледи.

"Перинаталдык мезгилдеги инфекциялар биздин энелердин абалын түздөн-түз чагылдырат. Бул төрөткө чейин, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин пайда болгон инфекциялар", - деди ал.

"Баланы төрөткө чейин, төрөт учурунда жана төрөлгөндөн кийин өлтүргөн бир нече нерселер бар. Бул кош бойлуу аялдагы бактериялык вагиноз жана вагинит. Ал жыныстык жол аркылуу жукпаса да пайда болгон маалда дарылаш керек. Дарыланбаса, ал эрте төрөттү чакырышы мүмкүн. Боюнан түшүп калууга же түйүлдүктүн жатын ичиндеги инфекцияга алып келиши мүмкүн. Бул жерде акушер-гиникологдордун орду өтө маанилүү.

Гинекологдордун гана эмес үй-бүлөөлүк медицина борборлорунун кызматкерлеринин орду маанилүү. Экинчиси - заара чыгаруу жолдорунун инфекциясы. Бул жеде да үй-бүлөөлүк медицина кызматкерлеринин орду маанилүү. Эненин боюнда бар кезинде ал эч кандай белги бербейт, ошондуктан түгөйлөр балада жатындын инфекциясы болушу мүмкүн деп шектенбейт, ага маании бербей коюшат. Ошондон улам алар ымыркайдын боору чоңоюп кеткенин же баладан кантип өнүгүү кемтиги пайда болгонуну түшүнүшпөйт. Мындай милсалдар көп. Бирок, керек болсо кош бойлуу аялда кариес же пиелонефрит болгону да түйүлдүктүн абалына таасирин тийгизээрин унутпашыбыз керек. Түйүлдүктө кемтик аныкталбаса деле ара төрөлүп калышы мүмкүн. Ал айына жетпей төрөлгөн бала аябай алсыз болот да", - дейт Кыргыз акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти Арсен Аскеров.

Ошондой эле коркунучтуу жери – эне жугуштуу ооруларды түйүлдүккө жуктуруп алышы мүмкүн. Жана бул көбүнчө боюнан түшүп калууга же мөөнөтүнөн мурда төрөткө алып келет.

Жардам көрсөтүүдө да кемчиликтер бар

Айына жетпей төрөлгөн ымыркайлардын аман калышына да жоопкерчилик төрөт үйүнүн дарыгерлерине жүктөлөт. Бишкек шаарынын тургуну Наристе (аты өзгөртүлдү) жакында жаңы төрөлгөн кызынан айрылды. Ымыркай жасалма дем алдыруучу түтүктүн оозу жабышып калганынан улам чарчап калган. Ал дарыгерлерге баланы сактап калууга системанын өзү жол берген жок деп эсептеп, дарыгерлерди күнөөлөбөйт.

Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн анализ ымыркайга жардам көрсөтүүдө кемчиликтер бар экенин көрсөтүп, медицина кызматкерлери дисциплинардык жазага тартылышкан.

Аялдын тамактануусу маанилүү

Ымыркайлардын өлүмүнүн себептеринин арасында экинчи орунда тубаса кемтиктер (аномалиялар) турат. Кыргызстандын акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти Арсен Аскеровдун айтымында, алар аялдын тамактануусуна жана анын организминдеги зат алмашуу процесстеринен көз каранды.

"Бул биздин эмбрионго курулуш материалдары сыяктуу керектүү микроэлементтер жана макроэлементтер. Көптөгөн изилдөөлөр андан көп компоненттери бар экенин айтышат. Омега же темир жана башка эмес. Мындан дагы башка витаминдер: А,С сындуу микро жана макроэлементтерге жардам берүүчүлөр. Бирок, илим тарабынан далилденгендей, эгерде аялдын организми жок дегенде негизги нерселерди алышы керек. Ал жакшы аймакта жашаса дагы, ашказан-ичеги трактысы бул запастарды толук сиңирүүгө жана үзгүлтүксүз оптималдуу камсыз кыла албайт. Ошондуктан, аялдын анализдери жакшы болсо да, тамактануу абалы жакшы болсо дагы, бул кошумча витаминдерди жана микроэлементтерди күн сайын орточо порция менен алуу сунушталат. Албетте, бул фолий кислотасы", - дейт ал.

Албетте, анын айтымында, фолий кислотасы керек.

"Эмне үчүн фолий кислотасы? Анткени эмбриондук мезгилден түйүлдүк мезгилине чейин жабылган омуртка организмде ушул компоненттин аркасында курулат. Эгерде ал жетишсиз болсо, жүлүн догаларынын бирикпөө сыяктуу кемчиликтери пайда болот. Жүлүн каналынын грыжалары пайда болот. Бул балдарга мурун операция жасашкан эмес жана инфекциядан, шал оорусунан каза болушкан. Азыр операция жасалып жатат, бирок бул дагы деле оңой операция эмес. Бул оорулуулар ымыркайлардын өлүмү", - деп түшүндүрдү Аскеров.

Дарыгер фолий кислотасын аялга кош бойлуулук учурунда эле эмес, боюна бүтөөр алдында берүү натыйжалуу алдын алуу экенин баса белгиледи. Аскеровдун айтымында, кош бойлуу кезде йодду жетиштүү өлчөмдө алуу маанилүү.

"Буга чейин совет доорунда аялдарыбыз начар тамактанып, өндүрүштө иштеп, калкан безинин жетишсиздиги, гипотиреоз деп аталган балдарды көп төрөшчү. Ал эми бул балдар начар окушчу, акыл-эси начарлашчу", - деп түшүндүрдү ал.

"Темир да керек. Бүгүнкү күндө бир гана аз кандуулукка каршы эмес, баланын өнүгүүсүнө, мээ кыртышынын калыптанышына, ички органдардын туура өнүгүүсүнө жана башкаларга таасир берери далилденген. Кош бойлуу аялга темир кошулмасы алардын кызыл кан клеткалары үчүн гана эмес, өзгөчө бала үчүн абдан маанилүү. Кальций да маанилүү. Кальций түйүлдүктүн скелет системасы үчүн гана эмес, плацента менен жатындын ортосундагы жакшы байланышты түзүү үчүн да керек. "Д" витамини баланын нерв, иммундук, кан түзүүчү системасынын жана башкалардын өнүгүшү үчүн маанилүү. Эненин иммунитети үчүн маанилүү ролду айтпай эле коёюн", - деп кошумчалады Арсен Аскеров.

Кош бойлуулукка даярдануу керек

Кайгылуу натыйжалардан кантип сактануу керек? "Эң негизгиси үй-бүлөнү пландаштыруу, кош бойлуулукка даярдануу, жубайлардын экөөнү тең толук текшерүү.(...) Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, бүткүл дүйнө патологияны эрте аныктоо үчүн эрте скринингден өтүү керектигин айтып жатат. Биздин өлкөдө тилекке каршы 18 миң аял жылына эки жолу төрөйт. Бул биз өзүбүзгө өтө жакшы кам көрбөгөнүбүздү жана ден соолугубуздун абалына көңүл бурбай жатканыбызды көрсөтүп турат. Төрөттөн кийин аялдын ден соолугу үч жарым жылдан кийин гана калыбына келет. Бул убакыт өткөндөн кийин, кийинки балаңызды төрөй аласыз. Репродуктивдүү курактагы аялдардын ден соолугунун абалы ар дайым бүткүл өлкөнүн ден соолук абалынын негизи болуп саналат", - деп белгиледи Сагынбү Абдувалиева.

"Өнүгүү деңгээли жогору өлкөнүн каалаган аялынын амбулатордук картасын анализдеп көргүлө, бул бүтүндөй китеп, аял текшерүүдөн өтөт, кош бойлуулукка даярданат, дайыма көзөмөлгө алынат, өзүн да, жолдошун да ден соолукта кылат. Тилекке каршы, биздин жерде, бизде бир аз башкачараак ", - деди ал неонатолог.

Анда эмне кылуу керек?

Саламаттыкты сактоо министрлиги ымыркайлардын өлүмүн кыскартуудагы жетишкендиги менен сыймыктанат. Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Жылдыз Артыкбаеванын айтымында, Кыргызстан беш жашка чейинки балдар арасындагы ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу боюнча Миң жылдыктын өнүгүү максатына жеткен өлкөлөрдүн катарына кирет.

"Кыргызстандагы ымыркайлардын өлүмүнүн тенденциялары: "Country Country Study" аттуу изилдөө кырдаалды талдап, 2030-жылга чейин неонаталдык өлүмдүн 39% жана өлүү төрөлүүнүн 11% алдын алууга болот деген жыйынтыкка келген. Бул үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кандай иштерди жасап жатат?

Жылдыз Артыкбаеванын айтымында, эне жана баланын өлүмүн азайтуу боюнча республикалык комиссиянын ишмердүүлүгү күчөтүлүп, ал жакта жардам көрсөтүү үчүн жогорку медициналык категориядагы адистер аймактарга бөлүштүрүлдү.

"Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу программасы ишке ашырылууда. Мындан тышкары, медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга чоң көңүл бурулууда. Медициналык жабдууларды колдонуу боюнча кырдаалдык талдоо жүргүзүлдү. Неонаталдык скрининг жүргүзүлүүдө. Республикада тубаса аномалиялары бар балдарды эрте аныктоо боюнча нөлдөн 18 жашка чейинки балдарды баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде башкаруу боюнча стандарттуу жана клиникалык көрсөтмөлөр бар", - деп белгиледи ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси бул жерде чоң көйгөй бар экенин белгиледи – ата-энелер кеч дарыгерлерге кайрылышат. Ошондуктан, анын айтымында, баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде ата-энелер менен иштөө күчөтүлгөн: алар тез арада медициналык адистерге кайрылууга муктаж болгон оорулардын коркунучтуу белгилерин эрте таанууга үйрөтүлгөн.

Бул мамлекеттин көйгөйү

Далилдүү медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова баары дарыгерлерден жана ата-энелерден көз каранды эмес деп эсептейт.

"Ошондой эле мамлекет тарабынан бүтүндөй бир колдоо бар, мамлекет ар дайым тобокелдиктерди, ар кандай кесепеттерди эскертип, эң негизгиси ата-энеге да, балага да, төрөт кызматынын дарыгерлерине, энелерге колдоо көрсөтүүсү керек жана балдардын ден соолугуна кызмат көрсөтүүгө көңүл бурушу зарыл. Өлүмгө алып келүүчү, кырдаалды курчутуучу, кыйынчылыктарга алып келүүчү жана башка факторлорду четтетүү үчүн бардык аракеттерди көрүү керек (...)," деп түшүндүрдү ал.

Медицинанын, алдыңкы технологиялардын жетишкендиктери коопсуз, эффективдүү жана табигый түрдө жакшыраак натыйжалардын пайдасына болушу керек. (...) Өмүргө коркунуч жаралган учурда бул тууралуу объективдүү, толук маалымат берүү зарыл. Бирок чечим дайыма чогуу кабыл алынат. Ал эми акыркы чечимди адам өзү чечет", - деп жыйынтыктады Бермет Барыктабасова.

"Бул чыгарылыш "Сорос-Кыргызстан" фондунун "Кыргызстандын аймактарындагы аялдардын репродуктивдик ден-соолугу" долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "Kaktus.kg" сайтынын жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14851