"Күйөөмдү урологго ыйлап жатып алып баргам". Аймактардагы эркектердин ден-соолугу
RU

"Күйөөмдү урологго ыйлап жатып алып баргам". Аймактардагы эркектердин ден-соолугу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Расмий маалыматта 2022-жылы Кыргызстанда урологиялык көйгөйлөрдүн ичинен эркектердин жыныстык маселеси 9,2 пайызды түзөөрү айтылат. Анын ичинен тукумсуздук 14,5 %ды түзөт. Медициналык талдоочулар коңгуроо какканы менен эркектер дагы бул көйгөйүн анчейин чечүүгө ашыга беришпейт. Мындан улам, албетте коомдун саламаттыгына жана үй-бүлө институтуна түздөн-түз таасир берип жатканы айтылууда. Бул тема "талылуу" болгондуктан, коомдо дагы ачык козголбой келет. Адистер, буга кошумча дагы аймактарда бир катар көйгөйлөр бар экенин айтып келишет. Ал эми шарты катаал облустарда абал, эркектердин ден-соолугу кандай? Бул суроолорго жооп алуу үчүн kaktus.kg редакциясы Нарын облусуна келди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму акыркы жылдары Кыргызстанда урологиялык дартка кабылган эркектердин саны өсүп жатканын эскертүүдө. Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде бир катар улуттук программалар иштейт. Бул эне жана баланы коргоо, репродуктивдүү ден-соолук маселеси жана башка. Бирок, дээрлик эркектердин ден-соолугу тууралуу айтылбайт. Муну дарыгерлер: мырзаларда урологиялык көйгөйлөр болсо дагы убагында ооруканаларга кайрылбай жатканы менен байланыштырышууда.

Эркектер ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөрүн айта бериштейт

Аты-жөнү өзгөртүлдү

Асан Байдылдаев 68 жашта. Ооруканага биринчи жолу жаткан кези. Өзү жайлоодо турат. Нарындын суугунан улам эркектердин урологиялык көйгөйлөрү көп болсо да, айтыла бербейт деп эсептейт карыя.

"Мен ооруканага биринчи жолу келип жатам. Мурун-кийин оорубаса анан келбейбиз да. Негизи, алдын-ала келип туруш керек экен.

Эркектер өзүлөрү уяң келишет

Үй-бүлөдө ата-эне менен эркек балдардын арасында диалог жок

Асан Байдылдаев "эркектердин ден соолугу тууралуу үйдө ата-эне менен баланын ортосунда да сүйлөшүлбөйт, дейт.

""Тур, мал бак! Тур, оокат кыл, жумуш кыл", - эле дейбиз да балдарыбызды. Ооруп, сасык тумоо болуп калганда эле ден соолугун сурабасак, ага чейин сурамай жок да. Сөз таап, эркек бала менен үйдө сүйлөшүлбөйт. Болгону көр-тиричилик жөнүндө эле сүйлөшүлөт.

Кичине жаманыраак жерде ойноп жатса, "мындай тур" деп коесуң, болду", - дейт ал.

Коомчулукта эркектердин урологиялык көйгөйлөрү бар болсо - уят деп саналат

"Кыргызда эркектерди жумушчу кара күч катары көрүп" коомчулук көнүп калган. Анын да ден-соолугу жабыркап,саламаттыгы начарлап, урологиялык көйгөйү болсо такыр эле "Уят" деп эсептелгени туура эмес болсо да, мындай ой жоюла элек дейт каарман. "Эркектин урологиялык көйгөйлөрү "уят" деген стереотиптен улам, ооруканаларга кайрылгандар аз дейт, Нарын облусунун урологу Улан мырза. Ал климаттык шарттан да эркектердин оорусу көп деп эсептейт.

Нарында көйгөйлөр өтө курч. Өзгөчө эркектер арасында. Анткени климат өзүнүн таасирин тийгизет.

Экинчиден, башка облустарга караганда Нарында эл аз болуп, мисалы: Нарында айына 3 операция жасалса, Ошто 7-8 дегендей. Эл аз болгон үчүн операция үчүн шаймандар көп берилбейт.

Бул аябай орчундуу тема. Ар бир эркек келип эле өзүнүн урологиялык көйгөйлөрүн айтып бере бербейт", - дейт уролог.

Нарында жаштар арасында импотенция менен жабыркагандар көбөйүүдө

Уролог ооруканага кайрылгандардын жаш курагы да жашарып, 20 жаштын тегерегиндегилер импотенция менен жабыркап келип жатканын айтты.

"Жаш курактарга карай турган болсок: аябай жаш же кары адамдар. 60тан өткөндөн кийин эркектердин табарсыгында көйгөйлөр жаралууда.

Ал эми жаштар арасында тукумсуздук күчөп бара жатат.

Уролог аны радиация, тамактануунун начарлыгы менен баланыштырып, суукка урунуу, вирустук инфекциялардан улам да жаштар балдар балалуу боло албай жатканын айтты.

Балалуу боло албай жаткан үй-бүлөлөр аялды күнөөлөшөт

Дарыгерлер эркектерде урологиялык көйгөйлөр аныкталаар замат, дарыланса болоорун айтышат. Бирок, ошол көйгөйлөрүн билсе да, билбесе да ооруканага кайрылбаган мырзалар көптүк кылат.

Аты-жөнү өзгөртүлдү

Самара Болотбекова 8 жылдан бери балалуу боло албай, барбаган оорукансы, көрүнбөгөн табыпчылары калган эмес. Ал дарыгерлерге текшерилгени менен, жолдошун ооруканага көргөзүү кыйынга турганын айтты.

"Ооруканага барсам УЗИчи энелер сеникиндей таза жатынды көргөн эмеспиз. Сенде эч кандай көйгөй жок дешет. Бирок, эмнегедир балалуу боло элекпиз. Башында жолдошумду ооруканага барууга көндүрө албай жүрдүм.

Ыйлап, "акыркы мүмкүнчүлүк, болбосо - ажырашалы", - деп суранып жатып урогологдорго барууга макул кылдым

Коомдо үй-бүлөдө бала болбой жатса эле аялды күнөөлөгөн түшүнүк бар. Мунун айынан эки ажырым жолго түшкөн үй-бүлөөлөр аз эмес. Алардын бири Жийдегүл Ыдырысова. Ал турмушка чыккандан кийин 6 жыл балалуу боло албай, жолдошу менен ажырашып кеткен.

Аты-жөнү өзгөртүлдү

Бирок, каарман экинчи турмуш кураар замат эле балалуу болгон.

"Сүйлөшүп жүрүп эле үйлөнгөнбүз. 6 жыл балалуу боло албай жүрдүк. Ортодо уруштар болду. Жаман сөздөр айтылды. Ачык эле кайын-журтум жолдошума "башка аял ал, бул төрөбөйт" деп айтып жатышты. Бирок, оорукаган бир басып барчу эмес. Мени күнөөлөшчү. Аягы ажыраштык. Аябай кыйналдым. Бирок, Кудай бар экен - экинчи жолу турмушка чыгып, ошол эле жылы балалуу болдук. Баарына шүгүр. Эки балам бар. Азыр ойлосом маселе биринчи жолдошумда болчу экен да", - деди Жийдегүл айым.

Жаштар зыян дары-дармек ичип, төшөктө кубаттуулугун арттыруу жолун издешүүдө

Дарыгерлер жаштар арасында урологиялык көйгөйлөрдүн бир катары кулач жайып баратканын айтышууда. Алардын бири Эрмек Турсуналиев - Нарындагы жеке менчик урология кызматкери.

Ал мурунку жылдар менен быйылкы жылдын статистикалык сандары абдан айырмаланып жатканын айтып, эркектердин ден-соолугунун начарлашынын себептерин атады. Ал: климат, тамак-аш, жашоо образынан сырткары, вирустук оорулар жана интернеттени уят видеолордун жайылышы дейт Эрмек Турсуналиев.

"Порно көрүп алышып, эрте жетилип жатышат азыркы жаш балдар. Алар жыныстык кубаттуулугун көбөйтүүгө аракет кылышып, интернеттен көргөн порнографиялык мүнөздөгү материалдарды туурап, ар кандай дары-дармектерди ичип жатышат. Алар дүүлүктүргөн дарыларды ичип жатышат. Ошонун баарынын зыяны тийип жатат", - дейт ал.

Урологдор Ассоциацисынын президенти Акылбек Усупбаев чындыгында эле жыл санап урологиялык оорулар көбөйүп баратканын моюндайт.

Ооруканаларда шарт бар бирок эркектер кайрылышпайт

Ал эркектердин ден-соолугу Нарын облусунда эле эмес, бүткүл республика боюнча начарлап кеткенин айтты. Ал 2004-жылдан бери Бишкектеги урологиялык борбордун кызматкерлери аймактарды кыдырып, акысыз мырзаларды текшерүү, дарылоо иштерин жүргүзүп келгенин белгилеп, бирок эркектер өзүлөрү дарыгерлерге кайрылбай жатканын айтты.

"Мырзалар оорусун жашырып жүрө берсе - өлүм ашкере. Мына, улуттук урологиялык борбордо бардык шарттар, шаймандар бар. Операцияларды жасайбыз, дарылайбыз. Бирок эркектер келишпейт. Менталитетти өзгөртүп, эркектердин ден-соолугуна көңүл бөлбөсөк, бул - демографияга да таасирин тийгизип баштады", - дейт ал.

Усупбаев Жалал-Абад, Ош, Баткенде бөйрөк, табарсыктагы таш көйгөйлөрү, Чүй менен Ысык-Көлдө вирустук инфекциялардан улам эркектердин урологиялык көйгөйлөрүнүн көбөйүүсү орун алса, Нарында мырзалар арасында урологиялык рак көп болуп жатканын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14351