"Көтөн чучугу жок төрөлдү". Бир жашка чейинки балдардын ден соолугу
RU

"Көтөн чучугу жок төрөлдү". Бир жашка чейинки балдардын ден соолугу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыгы чың баланы өстүрүү үчүн ага жаңы төрөлгөндө эле көңүл буруу жетишсиз. Адистер, ата-эне баланы пландоодо саламаттыгына көңүл буруу, ага даярдануу жана профилактикалык иштерди өткөрүү керектигин айтышат. Kaktus.kg редакциясы бул ирет Чүй облусунун мисалында бир жашка чейин балдардын ден соолугундагы маселелер тууралуу айтып берет.

Бүгүнкү күндө Чүй облусунда бир жашка чейинки балдардын ден соолугундагы негизги көйгөйлөрдүн бири – ымыркайлардын ички органдарындагы тубаса кемтик болуп жатканында. Бул көйгөйлөрдүн бири менен каарман Кант шаарынан Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулуп келип, баласы жакында эле операция болду.

"Мен Канттагы төрөт үйүндө 2-октябрда төрөдүм. Бала менен ал жерде бир күн жаттым. Ошондо жашыл бир нерселерди кусуп жатканын байкадым. Анын эртеси күнү бизге баламда 12 эли ичегсинин атрезиясы деген диагноз кошту. Ошондон кийин эле дарыгерлер бизди бул жакка жиберишти. Алар баламдын ичеги-карындары жабышып калганын айтышты. Анусу бар. Болгону ичегисинде көйгөй болуп, 4-октябрда балама операция жасашты", - деп айтып берди каарман.

Жыныстык жугуштуу оорулар балдардан ички органдарынын калыптануусуна кедергисин тийгизет

Дарыгерлер жубайлардын биринде вирустук жыныстык оорулар бар болуп, убагында дарыланбаган учурда эненин курсагындагы баланын органдарында тубаса кемтик болуу ыктымалдуулугу жогору экенин айтышат. Кант шаарынын жашоочусу операция болгон ымыркай тун баласы болгондуктан баланы пландоодо өзүлөрүнүн ден-соолугуна өтө маани берген эмеспиз го деп болжолдойт. Ал жолдошумда же менде вирустук оору болгон окшойт деди.

"Бул биринчи балабыз. Баламдын бул тубаса көйгөйүнүн себептерин изилдеп жатабыз. Бала жасоо учурунда менде же жолдошумда вирустук жыныстык маселе болгон окшойт. Дарыгерлер баарын түшүндүрүштү. Эмкисин баланы пландоого даярданабыз.

Азыр баламдын абалы жакшы. Дарыгерлерге ыраазычылык", - деди ал.

Жылына 120 миң ымыркай ооруканага жаткыралат

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору Чүй облусунан гана эмес, аймактардан келген бейтап-ымыркайларды кабыл алат.

"Жылына биз 120 миңдей баланы кабыл алабыз. Ошонун ичинен эң көп неврологиялык, ортопедиялык, кардиологиялык, өпкө оорулардын маселелери боюнча бейтаптар келет. Эгер неврологиялык оорулар арасында "энсолофотопатия" деп коет. Ошондой оорулар бир жашка чейинки балдар арасында көбүрөөк болуп жатат.

Ал көбүнчөсү төрөт учурунда башы кысылып калган оорулар. Же эненин боюнда болгондо сырттан таасир этүүчү факторлор таасир эткенде пайда болот. Бул: радиация, экология, туура эмес тамактануу, тамеки чегүү, арак ичүу дегендерден улам пайда боло турчу оорулар.

Ошондой эле генетикалык таасирди дагы унутпашыбыз керек. Ал дагы бир маселе болуп саналат", - дейт Эне жана баланы коргоо борборунун кеңеш берүү жана даарылоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы Болот Бурабаев.

Балдардын ички органдарынын кемтиги боюнча оорулар менен аймактарда дагы келишет

Азыр Чүй облусунда балдардын ички органдарынын тубаса кемтиги маселеси курч турат. Бирок, дарыгерлер балдардын ички органдарындагы тубаса кемтиктин себептери дүйнөлүк медицинада да так аныктала электигин айтышат.

Мындай көйгөйү бар ымыркайдан тартып, 18 жашка чейинки бейтаптар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирургия бөлүмүнө жаткылырып, бул бөлүмдөн гана Чүй облусу гана эмес өлкөнүн аймактарынан келген бардык бейтаптарга операция жасалат.

Алардын бири Талас облусунун жашоочусу Мира Мусалиева. Ал бул жерге үчүнчү жолу небересин алып келип, үчүнчү операциясына даярданып жатышат.

"Биз Таластан келдик. Бул жакка бир биринчи жолу келип жаткан жокпуз. Буга чейин эки жолу неберем эки жолу операция болгон. Биринчи операциясын үч айында жасатканбыз. Бул келгенибиз үчүнчү. Экинчи операцияда дарыгерлер ымыркайдын жамбашындагы тешикти ачып беришкен. Буюрса жакшы дейт", - деди ымыркайдын таенеси.

Бул көйгөйдүн оор түрүнө кабылган балдарга Кыргызстанда операция кылууга болбойт. Себеби, шарт жок. Хирургия бөлүмүнүн дарыгер Жайдарбек Сапарбеков маселени кантип чечүүгө боло турганын айтып берди.

"Андан тышкары биздин колдон келбеген да нерселер бар. Мисалы, өттүн атрезиясы деп коет. Бул өт бөлүп чыгачу боордон тарачу түтүктөр жокко эсе болуп калат. Анын да өз ичинде түрлөрү болот. 1-2-3 түрлөрү болуп бөлүнөт. Биринчи жана экинчи түрдү биз бул жерден эле операция кылабыз. Ал эми үчүнчү түрү сыртында да, ичинде да өт бөлүп чыгаруучу түтүкчөлөр жок болот. Андай учурда чет мамлекеттен боорду алмаштыруу сунушталат. Боор тилекке каршы, Кыргызстанда алмаштырылбайт.

Ал жөнүндө маселелер буга чейин да көтөрүлгөн. Азыр дагы маселе курч.

Бул маселени чечүү үчүн Кыргызстанга лаборатория керек. Кадрлар керек. Бир эле хирургдар менен жагдайды жакшыртууга мүмкүн эмес", - дейт дарыгер.

Бир жашка чейинки балдардын дем алуу органдарында көйгөй бар

Балдардын ички органдарынан тышкары, учурда ымыркайлардын көпчүлүгү дем алуу органдарындагы көйгөйлөр, жүрөк кемтиги, ортопедиялык жана неврологиялык оорулар менен жабыркап жатышат. Эне жана баланы коргоо борборунун кеңеш берүү жана дарылоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы Болот Бурабаев ортопедиялык көйгөйлөргө ата-энелер өзүлөрү күнөөлүү болуп жатат дейт дарыгер.

"Ошондой эле бир жашка чейинки балдарда көп ортопедиялык оорулар кездешип жатат. Бул жанакы "ходунок" деген жаман нерсе бар.

Ата-эне туура түшүнүш керек. Бала өзү даяр болгондо отурат. Бала өзү даяр болгон жөрмөлөйт. Бала даяр болгондо басат. Атайын кыйнтап, зордоп бастыруу бул туура эмес. Баланы атайын ага отургузганда сөөктөрү кемирчек болуп туран учурда, катыганга жетишпей, өзүлөрүнүн салмагын көтөр албай, сөөктөрү кыйшайып өсүп калат. Азыр энелер ишке бат эле чыгам деп же жумушка алаксып, "ходунокко" баласын салып жатпайбы", - дейт ал.

Кант диабети менен ооругандар көп

Чүй облусу боюнча төрөлгөндө эле кант диабети менен төрөлгөн ымыркайлар бар. Чүй облусунун саламаттык сактоо тармагынын орун басары Темирлан Алиев айымдар калкан безиндеги көйгөйлөрдү бала жасоонун алдында чечпегендиктен кант диабети бала төрөлгөндө эле аныкталып жатат.

"Биринчи бул калкан безиндеги көйгөй. Эң оор ооруларга алып келе турчу орган айымдын калкан бези болот. Себеби, ал бүт организмди көзөмөлдөй турган милдетти аткарат. Мээден кийинки эле эле баскычта ошол турат. Ал бөлүштүрүп берет. Ал бөлүштүрүү учурунда туура эмес болгон үчүн, албетте бала кант диабети менен төрөлөт.

Экинчиси, азыр дүйнөлүк изилдөөлөрдө боюнда бар аял кант жебесин деп айтылат. Углевод, белок, майдын өлчөмү туура болушу керек. Албетте, аялдын боюнда бар кезинде туура эмес тамактанса, ошонун баары баланын ден соолугунда көйгөй жаратат", - дейт дарыгер.

Эмдөө күндүн эң көйгөйлүү маселесине айланды

Чүй облусунда балдарды эмдөөдөн өткөрүү өтө курч маселе болуп турат. Диний көз караш менен эмдөөдөн баш тарткандар көп. Чүй облусунун саламаттык сактоо тармагынын орун басары Темирлан Алиев бул жагдайга да токтолду.

"Азыркы учурда диний көз караштын негизинде Чүй облусунда эмдөөдөн баш тарткандардын дээрлик 90 пайызы. Бул биздин жарандарыбыз эмдөөнүн татаалдашуусунан коркушпайт да, көбү диний көз караш боюнча "туура эмес", "болбойт" деп айтышат.

Бирок, биз ага кошулбайт элек. Себеби дегенде биздин министрлик азыр Муфтият менен, диний аалымдар менен сүйлөшүп, кеңешип, тыгыз байланышта бул эмдөөнүн максаты өзүлөрү коркуп жаткандай " мдөөчү дарыда чочконун ДКНсы бар, аны балдарга сайып, диний көз карашына тоскоолдук жаратуу же зыян келтирүү эмес.

Бул араб өлкөлөрүндө да бар. Өнүккөн мусулман өлкөлөрдө деле эмдөө жүргүзүлүп турат.

Биздин негизги жумуш: бизде атайын департамент бар да, дарылар келгенде каттоо кылган. Болгону биздин диний кызматкерлер биздин министрликке кат жүзүндө, менин оюмча кайрылып, келе турган эмдөөчү дарыларды каттап жатканда анын курамын билсе болгудай кылышы керек.

Эгер курамы талапка жооп берип, диний көз карашка да каршы болбосо, дин кызматкерлери министрлик менен бирге коомчулукту эмдөө алууга үндөшсө жакшы болмок. Себеби, эмдөө менен көп оорунун алдын алып, болсо да жеңил түрү менен ооругандай кылсак жакшы болмок", - дейт Темирлан Алиев.

Эмдөөдөн жарандар эмнеге баш тартууда?

Бул арада диний көз караштан эмес, эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөрдү көрүп, андан баш тарткандар да бар. Алардын бири Асема (аты өзгөртүлү)

"Балам жети айлык болуп төрөлдү. Башында "кефалогематома" бар болчу. Суу топтолуп калат экен. Аны биз билген эмеспиз. Балам алты ай болгондо педиатрларга барганда кефалогематоманы сордуруу керектигин айткан. Көрсө биз "БЦЖ" да албашыбыз керек болчу экен. Бирок, бизди мажбурлап эле эмдөө алдыртышкан.

Балабыз 7 айлык төрөлгөнү үчүн АКДС да албашыбыз керек болчу экен. 7 айлыктарга, көрсө өзүнчө болот экен да. Ошондон кийин эмдөө албайбыз деп тил кат жазып бергенбиз.

Биз тил кат жазып берээр алдында кошунабыздын баласы эмдөө алып, андан кийин баласынын буту шишип, ириңдеп кетиптир. Дарыгерлерге барса алар моюндарына алышкан эмес. Алар милицияга арыз жазып жүрүшкөн, аягы эмне менен бүттү, билбейм. Алар башка дарыгерлерге кайрылышса, эмдөөчү дарынын мөөнөтү өтүп кеткени үчүн маселе жаралыптыр деп айтышкан экен. Ошол себептен эмдөө албайбыз деп тил кат жазып бергенбиз.

Балага эмдөөчү дарыны саярда баланы тектерип, эмдөө алса болобу же жокпу билиш керек. Алар ден соолугунун абалын да көрүшкөн эмес. Мисалы, бирөө дарыны көтөрө алат же көтөрө албай калат да. Биздики азыркы учурда мажбурлап эле алдырып атышат.

Эмдөөчү дары кандай сакталышы керектиги билем да мен. Мисалы: менин балам эмдөө алганда дарыгер дарыны шкафтын үстүнөн эле алып чыккан да", - дейт каарман.

Эмдөөнүн тартиби кандай болушу керек?

Эске сала кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлигинин шарты боюнча эмдөөдөн мурун дарыгер ымыркайдын мурунку ооруларын, анын ичинде өнөкөт ооруларды, дары-дармекти колдонуудага реакциялардын же татаалдашуулардын болуу мүмкүнчүлүгүн, дары-дармектерге, буюмдарга аллергиялык реакцияларды аныктоо максатында кылдат изилдөө жүргүзөт. Организмдин индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн (ара төрөлгөн, төрөт травмасы, конвульсиялар) аныктайт жана инфекциялык оорулуулар менен байланышта болгон-болбогондугун, ошондой эле мурунку эмдөөлөрдүн убактысын тактайт. Баланын дене табынын көтөрүлүшү менен коштолгон курч респираторлук ооруларда (сасык тумоо, ангина, бронхит, сасык тумоо, пневмония) болгондо, эмдөөнү убактылуу токтотуп, ымыркай сакайганча эмдөө жүргүзүүгө болбойт.

Келечекте эне боло турган жаш кыздар ден соолугун карашпайт

Адистер айымдар ден соолугун сактабай, дени сак жашоо менен жашабай жаткандан улам да ымыркайлар ар кандай патология менен төрөлүп жатат дешет. Чүй облусунан Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына да келишет. Анын башкы дарыгери Акылбек Маманов ымыркайлар менен пайда болгон көйгөйлөргө кыздар жооптуу дейт.

"Биздин жаштар, студенттер кандай жүрүп жатышат? Эмне үчүн какшайбыз тамеки чекпегиле деп? Алардын бары келечекте төрөлчү балдардын ден соолугуна зыян. Макул, мода. Бирок моданын да эртеси болот да. Тез жасалуучу зыян тамак, ичимдик, чипсы, криешки жеп жатышат. Анын баары зыян. Мына ушулардан улам ымыркайлар патология менен туубаса төрөлүп жатат", - дейт ал.

Быйыл 9 айда миңден ашуун ымыркай каза болгон

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун өкүлдөрү республика боюнча ар кандай себептерден улам чарчап калган ымыркайлардын саны менен бөлүшүп, анын себептерине да токтолушту.

"2022-жылы 1541 ымыркай каза болсо, быйыл 1540 бала чарчап калды. Бул ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү бардык облуста туруктуу абалда. Болгону Ош, Нарын жана Бишкекте ымыркайлардын өлүмүнүн саны өстү", - дейт адис.

Мындан улам адистер, ата-эне баланы пландоодо даряданууга, эне менен катар аталдар да саламаттыгына көңүл бурууга чакырышат. Себеби, энелер өзүлөрүнүн ден соолугуна кам көрбөгөндүктөн азыр репродуктивдүү курактагы айымдардын экиден биринде аз кандуулук сындуу маселелер көбөйүп, ал эне менен катар ымыркайдын да ден соолугуна кедергисин тийгизип жатат.

"Бул чыгарылыш "Сорос-Кыргызстан" фондунун "Кыргызстандын аймактарындагы аялдардын репродуктивдик ден-соолугу" долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "Kaktus.kg" сайтынын жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14846