"УЗИден кыз экенин билгенде боюмдан алдыртып салдым". Оштогу аборт маселеси
RU

"УЗИден кыз экенин билгенде боюмдан алдыртып салдым". Оштогу аборт маселеси

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы репродуктвдүү ден соолук көйгөйлөрү облустан айырмаланып турат. Райондордогу негизги көйгөй: каттоого кеч туруу жана балалуу болууну пландоонун жотугунда болсо, Ош шаарында төрөттөрдүн аралыгынын өтө жакындыгы, өспүрүм кыздардын боюнда болуп калышы жана бойдон алдыруу (аборт) маселе жаратып жатат. Мындан улам Kaktus.kg Ош шаарындагы бул маселе тууралуу айтып берет.

Өлкөдө жылына 20 миңге жакын бойдон алдыруу расмий катталат

Негизи Кыргызстанда бойдон алдыруу - өлкөдөгү төрөттү көзөмөлдөөнүн эң кеңири тараган ыкмаларынын бири бойдон калууда. Өлкөдө эле жылына 20 миңге жакын бойдон алдыруу расмий катталат. Ошол эле учурда бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонгон жарандардын саны азайып жатат. Ош шаарындагы абал да да ойлондурат. Шаарда дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан, репродуктивдүү курактагы аялдардын 14% гана контрацепцияны колдонушат. Дагы бир негизги маселе - мамлекеттик мекемелерден алыс, жеке менчик мекемелерден аялдардын боюнан алдыруусу.

Айымдар боюнда болтурбоо үчүн контрацепция колдонуунун ордуна бойдон алдырууну тандашат

Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологу Кишимжан Мурзакулова үй-бүлөнү пландаштыруу альянсы, ошондой эле эне жана ымыркайдын өлүмүн азайтуу боюнча эл аралык уюмдар менен биргеликте көп жылдан бери жигердүү иштеп келет. Дарыгер башка адистер менен биргеликте калк арасында агартуу иштерин жүргүзүп жатканына карабастан бойдон алдыруу - күтүлбөгөн кош бойлуулуктан качуунун бир жолу катары колдонулуп жатканын белгилейт.

"Негизи, калк арасында, атүгүл имамдар менен, диний кызматкерлер менен активисттердин арасында агартуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Университеттерде, колледждерде сабактарды өткөрөбүз. Энелер мектебин, коопсуз ата-энелик мектебин ачканыбыз менен абортту - күтүлбөгөн кош бойлуулуктан коргоонуу ыкмаларынын бири катары көрүп жатышат. Айтсаң да, айтпасаң да баары бир. Мисалы "бөйрөгүм ооруйт, спираль колдоно албайм" деп жооп беришет. Спиралдан тышкары бойго бүтүрбөөнүн көптөгөн ыкмалары бар да. Мисалы үч айга чейин бойго бүтүрбөөчү дарылар бар, имплантаттар бар, уколдор бар. Презерватив бар. Кээ бирөөлөр 5 мүнөттө аборт кылдырып туруп эле кетип калам деп ойлошот. Анын кесепеттерин ойлонушпайт. Аборт да операция, жатындын ичине кийлигишүү. Анан дароо кыйынчылыктар болот, мисалы аборттон кийинки эндометрия, суукка урунуу жана башка оорулардын күчөшү. Кээде аборттон кийин аялдар каза болуп калган учурлар болот", - дейт ал.

"Аялдар аборт кылдыруунун кесепеттерин ойлонушпайт"

Кээ бир аялдар, Мурзакулованын айтымында, "беш мүнөттүн ичинде эле аборт жасатып, кетип калам" дейт, бирок анын кесепеттери жөнүндө такыр ойлонушпайт. Айымдар бири-биринен кошумча маалымат алып, адистерге кайрылбай эле, өз алдынча аборт кылып жатканы кооптондуруп жатканын билдирди дарыгер.

Мисалы, Кулпунайда (аты өзгөртүлдү) мындай окуя болгон.

"Мен гормоналдык дары-дармектерди колдонгум келген эмес. Боюмда болуп калганын билгенде дары менен боюмдан түшүрүүнү туура көрдүм. Тааныштарымдан дары менен эрте мөөнөттөгү түйүлдүктөн кутулса боло турганын уккам. Башында коюу, кан аралашкан суюктук келе баштаган. Андан кийин, кан токтобой ага баштады. Дагы жакшы, ошол учурда жолдошум жумуштан түштөнгөнү келип калды. Ал дароо мени ооруканага алып барды. Ал жерден дарыгерлер абалым оор экенин айтышты. Алар убагында жардам беришти, рахмат".

Расмий статистикага кошулбай калган бойдон алдыруулар көп

Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча эксперт Инна Болоцких: "Медициналык бойдон алдыруу үчүн дары-дармектердин уруксатсыз соодасы бар", - деп белгиледи. Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянстын жетекчиси Галина Чиркина муну ырастап, өлкөдө ар бир онунчу, он биринчи үй-бүлө бойдон алдырууга бел байлаарын айтты. Анын үстүнө медициналык бойдон алдыруу, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарына ылайык, дары-дармектер дарыгер тарабынан жазылган болсо да, үй шартында жасалышы мүмкүн болгондуктан, адистерге кайрылбай эле бойдон түшүрүүгө жардам берген дарылары менен айымдар өз билгенин кылып жатканын кошумчалады.

"Адистен жакшы, сапаттуу кеңеш алуу абдан маанилүү. Аралыктан болсо дагы ошол адистин көзөмөлүндө болушу керек. Тилекке каршы, кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратат. Көбүнчө аялдар бир жолу медициналык абортко өз алдынча кайрылышкан болсо, андан кийинкилерин өз алдынча жасоону туура көрүшөт. Эмне үчүн? Анткени бүгүнкү күндө түштүк тарапта аткезчилик бар. Анын аркасынан базарларда арзаныраак баада дарылар сатылууда. Ошондуктан айымдар базардан алып, адистердин кеңеши жок, өз алдынча боюнан түшүрүп жатышат", - дейт альянстын жетекчиси.

Дары-дармектерди аял өзү сатып алса ыңгайлуу жана арзаныраак болуп жатат

"Түштүктө контрабанда көп болгондуктан дарылардын баасы арзандады". Мындан улам, Чиркина аймактардагы айымдар бойдон түшүрүүчү дары-дармектерди өз алдынча сатып алып, медициналык аборттун кесепеттерине туш болуп жатканын кошумчалады.

"Мисалы расмий каттоодон өткөн жеткирүүчү бардык салыктарды төлөп, биздин өлкөнү 5 долларга дары-дармек менен камсыздай турган болсо, анда көмүскө базарда дары канча турат деп ойлойсуз?... Ал эми медициналык мекемелерде дары-дармектердин баасы эки жарым миң сомдон. Беш эсе кымбат. Аялдар [өз алдынча] дары-дармектерди сатып алып жатканы үчүн аборт боюнча статистика өтө төмөн", - деп түшүндүрдү репродуктивдүү ден соолук боюнча альянстын жетекчиси.

Чиркинанын айтымында, көптөгөн эксперттер аялдардын өз алдынча бойдон алдыруусунун кесепеттерине туш келерин айтышат: "Мунун ичине көп кан жоготуу, айыз циклин калыбына келтирбей турган айрым терс кесепеттер бар".

Эмне үчүн контрацепция менен камтуунун деңгээли төмөн?

№1 себеп

Кыргызстандын акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти Арсен Аскеров контрацепциянын төмөнкү деңгээлде колдонулушунун себептерин талдап чыккан.

"Биринчи себеп, албетте, каражаттардын жеткиликтүү болгонунда. Ал каражаттар менен саламаттыкты сактоо уюмдары алектенип, сатып алууларды жүргүзүшү керек эле. Алар Кыргызстандын жарандарына бул каражаттардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылышы керек болчу. Эгер аялдардын преференциялуу категорияларын алсак, бүтүндөй өлкөнүн үлүшү аз санда гана болуп калат: болгону 3 же 4%. Билесизби, биздин өлкөдө аялдардын саны көбүрөөк жана 3,5 миллион аялдын ичинен кеминде 2 миллиону контрацепцияларга муктаж. Бирок ошол 2 миллион айым тынымсыз заманбап контрацепциялар менен камсыздалат деп айтууга болбойт", - дейт профессор.

Аскеровдун айтымында контрацепцияларды (бойго бүтүрбөөчү каражаттарды) өз алдынча сатып алуу кымбатка турат.

"Аны жеке сатып алуу кымбат, билесиңер да. Азыр көптөгөн фармацевтикалык компаниялар жана жеткирүүчүлөр чындап эле өздөрүнүн баа саясатын кайра карап чыгып, өзгөртүшкөн. Эгерде мурда кээ бир бойго бүтүрбөөчү гормоналдык каражаттар, мисалы 200 сом гана болсо, азыр 1000 сомго чейин жетет. Бул контрацепциялардын баалары 4-5 эсе кымбаттады дегенди түшүндүрөт. Мурда 5 сом турган презерватив дагы азыр 50 сомдун тегерегинде. Башкача айтканда, контрацепциялардын баасы 10 эсеге кымбаттады", - деп түшүндүрдү ал.

№2 себеп

Аскеровдун айтымында, экинчи себеп калктын аң-сезиминин жана билиминин төмөндүгү. Ал белгилегендей, бул үчүн көп кошупча жумуштар керек, маалыматка башкача мамиле кылуу, кызматташуу, системаларды мобилизациялоо, бирок мунун баары жеткиликтүү эмес. "Ошондуктан калктын маалыматы жокко эсе, айрыкча жаштардын бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу боюнча билими жетишсиз, ошондуктан бизде бойдон алдыруу көрсөткүчү жогору бойдон калууда", - деп белгиледи Арсен Аскеров.

№3 себеп

Галина Чиркина дагы бир себебин белгилейт: Кыргызстандын рыногунда заманбап контрацептивдердин тандоосу коңшу өлкөлөр менен салыштырганда да анчалык деле чоң эмес. "Контрацепциянын жеткиликтүүлүгү боюнча маселелер, үй-бүлөнү пландоонун жоктугу... Мындан улам аялдар күтпөгөн убакта кош бойлуу болуп калып, бойдон алдырууга аргасыз болушууда", - деди ал.

Өспүрүмдөр арасында аборт жасатуу күчөп бара жатат

Жашыруун бойдон алдырган бейтаптардын арасында өспүрүм кыздар да бар. Адистер өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугуна өзүнүн ден соолугу, анын ичинде репродуктивдүү жүрүм-турум жаатында сапаттуу, жакшы жана так билимдин жоктугу да таасирин тийгизерин белгилешет. Мындан тышкары өлкөдө өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун деңгээли жогору, ал тышта да, үй-бүлөдө да болот.

Ош шаарындагы медициналык жардам көрсөтүү борборунун гинекологу Кишимжан Мурзакулова "өспүрүмдөр кош бойлуулуктан эч кимге билгизбей кутулууну каалап, эң ылайыктуу ыкма - медициналык бойдон алдыруу деп эсептешет" деп кошумчалады.

"Дары ичишет. Анда да боюнан түшпөй, түйүлдүк калып калган учурлар болот. Анткени кыздар адистер менен кеңешпейт, аларга кайрылышпайт. Досторунан же башка бирөөлөрдөн угуп алып, аягы коркунучтуу кесепетке такалат", - деп белгиледи дарыгер.

"Өспүрүмдөр, жада калса мектеп окуучулары да бар. Кош бойлуу болуп калышат. Азыркы жаштардын арасында туура эмес жашоо образын жүргүзүп, сексуалдык жактан активдүү болгондор бар".

Айнура (аты өзгөртүлдү) 15 жашында кош бойлуулугун өзү сатып алган дарылар менен токтотууга аракет кылган. Кыздын жатынында уруктанган жумуртканын калдыктары калып калган. Андан көп өтпөй температурасы көтөрүлгөн. Айнура дарыгерлерге кайрылуунун ордуна парацетамол ичип алган. Ал эмне болгонун да жашырган. Акыры кыз дарыгерлерге барганда абалы оор болуп, жатынын алып салууга туура келген. Айнура мунун баарын үй-бүлөсүнөн жашырган. Муну билип калган туугандары дарыгерлерди коркутушкан, анткени кыз эми эне боло албайт. Бирок дарыгерлер анын туугандарына түшүндүрүшкөн: ага эч ким бойдон түшүрүү дарыларын жазып берген эмес жана бул учурда бейтаптын өмүрүн сактап калуу маселе жаралган.

Үй-бүлөдө баланын жынысына карап аборт жасаткандар бар

Көптөгөн кыргызстандыктар үй-бүлөгө мураскор керек деп эсептешет. Эң кызыгы, Оштогу аялдардын бойдон алдыруу чечиминин дагы бир себеби ушул.

"Биздин өлкөдө 12 аптада УЗИ аркылуу баланын жынысын оңой эле билүүгө болот. Баланын жынысы каалагандай же күткөндөй болсо, аны сактап калышат, каалабаса боюнан алдырып салышат. Анткени, 12 жумада кош бойлуулукту токтотуп койсо болот. Алар атайылап катталып, профилактикалык дарыларды ичип, күтүп турушат. Түйүлдүктүн жынысы аныкталгандан кийин баланы калтыруу же бойдон алдыруу чечимин чыгарышат", деп түшүндүрдү дарыгер-гинеколог Кишимжан Мурзакулова.

Мисалга дагы бир кыздын төрөлүшүн эмес, боюнан алдырууну Салима өзү тандап алган. "Мен кечке эле кыздарды төрөй албайм", - деди аял УЗИден түйүлдүктүн жынысын билгенден кийин. Ал кезектеги кызын боюнан алдырган. Дарыгерлер ага баланын дени сак экенин айтышкан, бирок эне көнгөн эмес.

"Аялдардын боюнан алдыруусуна кайрыла турган болсок, азыр бизде селекциялык аборт жасалып жатканы жашыруун эмес. Аял кош бойлуу болгондон кийин УЗИге түшүп, баланын жынысын билип, баланын жынысы үй-бүлө же өзү күткөндөй болбой калса эле боюнан алдырууну тандашат. Алар өздөрүнүн күтүүсү орундалбай калганы үчүн эле мындай жолду тандашат", - дейт Галина Чиркина.

Ал аборт жасатууга тыюу салуу жолу менен бул көйгөйдү чечүүгө мүмкүн эместигин айтты.

"Ооба, биз билебиз, эреже катары, эркек баланы бойдон түшүрбөй жарык дүйнөгө алып келүүгө аракет кылышат. Бирок бул тандоо дайыма эле кыздардын пайдасына боло бербейт. Ооба, мындай мисалдар көп эле: Кореяда, Индияда, Кытайда бар, аларда селекциялык аборттор колдонулат. Биринчи вариант, эң жөнөкөй, мисалы, Индия тандап алган: алар УЗИ адистеринен 20 жумага чейин баланын жынысын көрсөтпөөнү суранышат. 20 жумадан кийин аборт аркылуу тандоо мүмкүн болбой калганда баланын жынысы аныкталат", - деп түшүндүрдү альянстын жетекчиси.

Зордук-зомбулуктан улам кыздар аборт жасатууга туура келген учурлар бар

"Аялдардагы күтүлбөгөн кош бойлуулуктун санынын көптүгү зомбулуктун тигил же бул түрү менен байланыштуу. Андан сырткары аял кимдир-бирөөнүн талаптарына жооп бериши керек болгон оор кырдаалдардан (үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, жолдошунун, туугандарынын ж.б.у.с. талаптарына жооп берген кырдаал), ден соолугунан улам, кесиптик ишин же окуусун улантуу ж.б.у.с. кырдаалдардан улам айымдар көпчүлүк учурда кош бойлуулукту тандабай, токтотуп салышат.

Биздин аялдарга бул тандоо укугун берсек, эң негизгиси - өлкөдөгү репродуктивдү ден соолуктун абалын жакшыртат элек", - деди альянстын жетекчиси.

Мындан тышкары заманбап контрацепция, эксперттер баса белгилегендей, репродуктивдүү ден соолукту сактоого гана эмес, ошондой эле бир катар башка оорулардын, анын ичинде, мисалы, рактын алдын алууга мүмкүндүк берет.

Бойдон түшүү, жыныс органдарынын өнөкөт сезгенүү процесстери, тукумсуздук - аборттун мүмкүн болуучу кесепеттеринин толук тизмеси эмес. Ошол эле учурда контрацепция репродуктивдүү ден соолукту сактоого гана эмес, бир катар оорулардын алдын алууга да мүмкүндүк берет.

"Бул чыгарылыш "Сорос-Кыргызстан" фондунун "Кыргызстандын аймактарындагы аялдардын репродуктивдик ден соолугу" долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну Kaktus.kg сайтынын жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14774