Көлдө күн электр станциясы ишке киргизилди
Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында "ROX Ысык-Көл" күн электр станциясынын биринчи фазасы ишке кирди. "Ынтымак Ордодон" кабарлашкандай, иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.
Станциянын кубаттуулугу 175 мегаватты (МВтп) түзүп, жыл сайын болжол менен 295 миллион кВт саат электр кубатын өндүрөрү күтүлүүдө.
Президент бул станциянын жалпы кубаттуулугу 1900 МВт болорун, бардык этаптарын ишке ашырууга болжол менен 1,5 млрд доллар инвестиция тартуу каралгандыгын кошумчалады.
"Станция бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында жылына 362 миллион кубометр сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берет", - белгиледи Жапаров.
Долбоордун биринчи этабынын инвестициялык көлөмү 131 миллион долларды түзгөн. Объекттин курулушуна 250дөн ашуун кыргыз жарандары тартылган. Станция пайдаланууга толук берилгенден кийин болжол менен 150 туруктуу жумуш орду түзүлүп, алардын негизги бөлүгүн жергиликтүү адистер ээлейт.
Садыр Жапаров өз сөзүндө вьетнамдык компаниянын аймактын өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи. "ROX Group" компаниясы жерди пайдалануу үчүн төлөгөн салыктан тышкары өндүрүлгөн электр энергиясын сатуудан түшкөн каражаттын 1 пайызын Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр – Тамчы айыл өкмөтүнүн бюджетине которот", - дейт өлкө башчы.
