Акылбек Жапаров: Кыргызстан электр энергиясын 2026-жылы экспорттой баштайт
RU

Акылбек Жапаров: Кыргызстан электр энергиясын 2026-жылы экспорттой баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2026-жылы энергетика тармагы профицитке жетип, электр энергиясы экспорттоло баштайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Элдик курултайда айтты.

Анын айтымында, электр энергиясынын тартыштыгын жоюу максатында 2023-жылы ар бири 71 МВт болгон 5 кичи ГЭС, 5 күн электр станциясы, Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегаты ишке киргизилген.

Андан тышкары 2024-жылы 25 кичи ГЭС жана Токтогул ГЭСинин дагы бир гидроагрегаты, кубаттуулугу 700 МВт болгон күн электр станциялары жана Талас районундагы кубаттуулугу 5 МВт болгон Бала-Саруу ГЭСи ишке киргизилет.

"Камбар-Ата ГЭС-1 боюнча даярдык иштери аяктап жатат: тоннелдер, жолдор, линиялар. Курулуштун биринчи фазасы боюнча Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Казарман, Көкөмерен, Чаткал каскаддарын жана 500 киловольт кубаттуулуктагы Кемин-Торугарт линиясын долбоорлоо башталат. 2024-жылы кыргыз бөлүгүндө CASA-1000 долбоору боюнча иштер аяктайт. 2 жылдан кийин Куланак ГЭСи иштей баштайт. 2026-жылы энергетика тармагында профицитке жетип, электр энергиясын экспорттой баштайбыз", - деди Акылбек Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15143