УКМК төрагасынын мурдагы орун басары кармалды
RU

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары кармалды

Все самое интересное в Telegram

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков кармалды. Аны менен кошо дагы төрт кызматкер Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан кармалганын Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Айтымдарында, кечээ 6-июлда Шадыбеков менен бирге комитеттин 4 кызматкери Аскер прокуратурасына суракка чакыртылган. Бүгүн, 7-июлда эртең менен алардын баары камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Айрым маалыматтарга караганда, кармалгандар коррупцияга шектелүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18192