Кадамжайда 27 аскер кызматкери коопсуздук кызматына жеткирилди
RU

Кадамжайда 27 аскер кызматкери коопсуздук кызматына жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кадамжайда 27 аскер кызматкери УКМКга жеткирилди. Кармоо учурунда айрымдары ок чыгарган деп билдиришти Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынын кызматкерлери.

Айтымындарына караганда, кечээ, 5-июлда саат 19:00 чамасында УКМКнын Баткен облусу боюнча "Альфа" атайын күчтөрүнүн кызматкерлери Кадамжай жана Чечме өткөрүү пункттарында атайын операция жүргүзүшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Чек ара, Бажы жана Ветеринардык кызматтардын кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалган.

Ал эми Кадамжай көзөмөл-өткөрүү пунктундагы операция учурунда прапорщик төрт жолу ок чыгарса, сержант эскертүү иретинде асманга ок аткан. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18185