Таштандыга толгон Аламүдүн суусу тазалана баштады
Социалдык тармакка Аламүдүн суусу акыр-чикирге толуп калган сүрөт жарыяланган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бул боюнча ыкчам чаралар көрүлүп, тазалоо иштери башталганын кабарлады.
Учурда аталган аймакта Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жана Достук айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкананын өкүлдөрү тазалоо иштерин жүргүзүп жатканы белгилүү болду.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө Аламүдүн суусунун деңгээли көтөрүлүп, жарандар тарабынан башаламан ташталган тиричилик калдыктары агын суу аркылуу агып келип, суунун жээгине жана айрым жерлерине топтолуп калганы аныкталды", - дешет министрликтен.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жергиликтүү тургундарга айлана-чөйрөнү таза сактоо, тиричилик таштандыларын белгиленген жайларга чыгаруу жана экологиялык талаптарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тиешелүү эскертүүлөрдү беришет.
