Бүгүндөн баштап чет элдик номерлүү унааларды легалдаштыруу башталат
13
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу жөнүндө токтомго кол койду.
9-июлда кол коюлган токтомго ылайык, акыркы мыйзамдаштыруу 10-июлдан 1-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Тагыраагы, токтом бүгүн, 10-июлда күчүнө кирди.
Транспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу жол-жобосу Унааларды жана айдоочуларды каттоо боюнча мамлекеттик борборго жүктөлдү.
Ички иштер министрлигине, Чек ара кызматына жана башка мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык кызматташууну камсыз кылуу жана мыйзамдаштыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүү тапшырылды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18221
