Президент кошумча эс алуу күндөрүн киргизүүгө уруксат берген жарлыкка кол койду
RU

Президент кошумча эс алуу күндөрүн киргизүүгө уруксат берген жарлыкка кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров кошумча эс алуу күндөрүн киргизүүгө уруксат берген жарлыкка кол койду.

Убактылуу чара ушул жылдын 15-июлунан 2027-жылдын 1-июлуна чейин күчүндө болот. Министрлер кабинети жергиликтүү бийлик органдары менен кеңешип, белгилүү бир аймакта эс алуу күнүн белгилей алат. Жарлыкка ылайык, кошумча дем алыш күнүно чыккан кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат.

Жашоочулар үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, эл аралык же ири мамлекеттик иш-чараларды (мисалы, саммит) өткөрүү же тез чечим кабыл алуу талап кылынган учурларда эс алуу күндөрү киргизилет.

Эксперименттин жыйынтыктары 2027-жылдын февраль айынын аягында чыгарылат.

Буга чейин президенттин маалымат катчысы 30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү шаар тургундарын Бишкектен сырткары барып турууга чакырган. Бул күндөрү борбор калаада Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышы өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18226