Ири иш-чараларга байланыштуу тургундарга 3 күнгө Бишкектен чыгып туруу сунушталды
Президенттин администрациясы Бишкектин тургундарын август айынын соңунда 3 күнгө шаардан сырткары жакка барууну өтүндү.
Президенттин басма сөз катчысы билдиргендей, 30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышы болот.
"Кыргызстанга биринчи жолу 21 мамлекеттин жетекчилери бир учурда келишет. Айрым президенттер мамлекеттик сапар менен келгендиктен, биринчи айымдардын келиши күтүлүүдө. Ошондуктан Бишкек шаарынын тургундарынан ушул күндөрү Ысык-Көлгө же башка эс алуучу жайларга барып турууну суранабыз. Анткени 3 күн бою жолдор тез-тез жабылып, ыңгайсыздык жаралат", - деди Аскат Алагөзов.
Президенттин маалымат катчысы окуу жылы 15-сентябрда башталарын, андыктан 1-сентябрга карата Бишкекке шашылыш келүүнүн кажети жок экенин кошумчалады.
Башкы беттеги сүрөт: Janybek Traveler.
