Бишкекте 1-сентябрь дем алыш күн деп белгиленди
107
Бишкекте 1-сентябрь эмгек акысы сакталган дем алыш күн болот. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал белгилегендей, тиешелүү токтомду Министрлер кабинети чыгарды. Ага ылайык, 1-сентябрда Бишкектеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер эс алышат, ал эми ошол күнгө каралган эмгек акылары толугу менен сакталат.
Ушундай эле сунуш Бишкек шаарынын аймагындагы жеке компания, ишканаларга да берилди.
Белгилесек, мындан бир аз мурда эле президент Садыр Жапаров кошумча эс алуу күндөрүн киргизүүгө уруксат берген жарлыкка кол койгону кабарланган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18227