Президент өлкөгө келген туристтерге сый мамиле кылууга чакырды
Мамлекет башчы Садыр Жапаров өлкөгө келген туристтерге сый мамиле кылууга чакырды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.
Президенттин айтканына караганда, 2020-2021-жылга чейин өлкөгө 2-3 миллион турист келсе, бүгүнкү күндө туристтердин саны 13 миллионго жетти.
"Бул экономиканын өскөнүн, өлкөбүздүн аты дүйнөгө дүңгүрөп жатканын, туристтерди өзүнө тартып жатканын билдирет. Дүйнө өлкөлөрү өздөрүнүн мамлекетине туристерди чакырып, жарнама кылыш үчүн миллиарддаган каражат колдонушат. Бизге болсо туристтер өздөрү агылып келип жатканына сүйүнүшүбүз керек. Себеби, ар бир турист ички дүң продукцияга салым кошот.
Ошондуктан аларды жакшылап тосуп алышыбыз керек. Ар бир туристке кылдат, сый мамиле жасаңыздар. Кен байлыктарыбыз бир кезде түгөнөт. Туризм түбөлүк калат. Келечекте өлкөбүздү туризм багат. Ар бир кыргызстандык курулушта иштегиңер келбесе дагы туристерди тосуп гид болуп иштегиле. Туризмди өнүктүрүүгө азыртадан салымыңарды кошкула", - деди Жапаров.
