Нариман Түлеев Сулайман-Тоо боюнча мэрдин айткандарын четке какты
Ишкер Нариман Түлеев Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин Сулайман-Тоонун макамы боюнча айткандарына комментарий берди. Ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, мэрдин айткандары чындыкка дал келбей турганын жазды.
Түлеев белгилегендей, Ош шаарынын мэри менен бейрасмий жолугушуп, шаарды өнүктүрүү, туристтерди тартуу, коноктор жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жалпы идеялар гана талкууланган. Пикир алмашуу учурунда Сулайман-Тоого асма жол куруу Совет доорунан берки идея экени кеп болгон.
"Мен Сулайман-Тоого асма жол куруу боюнча эч кандай юридикалык же техникалык пландарды сунуштаган эмесмин. Бул маселе боюнча ЮНЕСКОго эч кандай өтүнүчтөр, документтер же демилгелер берилген жок.
Ошондуктан долбоор "ЮНЕСКОнун талаптарына жооп берген эмес, ошол себептүү ишке ашырылган жок" деген сындуу жүйөлөр таптакыр негизсиз. Мэрдин Сулайман-Тоонун ЮНЕСКОдогу статусу боюнча айткан пикирлерине же сунуштарына эч кандай тиешем жок. Бул анын жеке позициясы", - деп жазды Түлеев.
Белгилесек, буга чейин Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарууну сунуштоого ниеттенип жатканын билдирген. Ал Нариман Түлеев "Сулайман парк" соода борборунан тоого чейин асма жол курууну сунуштаганын, бирок ЮНЕСКОнун талаптарына байланыштуу бул долбоор ишке ашпай калганын айткан.
Кийинчерээк Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинен тоонун аймагына асма жолду салууга жол берилбей турганын билдиришкен.

