Таласта курулуш министри менен облус башчынын мушташка аралашканы айтылууда
RU

Таласта курулуш министри менен облус башчынын мушташка аралашканы айтылууда

Все самое интересное в Telegram

22-августта Талас облусундагы "Манас Ордо" комплексинде курулуш иштери жүрүп жатканда жаңжал болгону, ага президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев менен курулуш министри Нурдан Орунтаев да аралашканы айтылган.

Кийинчерээк соцтармакка видео тарап, анда эки киши өз ара мамилесин тактап жатканын көрүүгө болот. Видеонун айрым кадрларында Нурдан Орунтаев да көрүнөт. Бирок министр жаңжалдашкан адамдардын бирин - көз айнек тагынган кишини - четке алып кеткен. Ал эми Эрмат Жумаев көрүнгөн эмес.

Ички иштер министрлиги окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталганын маалымдады. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга катышкан адамдар болгон дооматтары жок экенин билдиришкен.

Кийинчерээк окуяга Эрмат Жумаев комментарий берди. Аны менен бирге жаңжалдын катышуучуларынын бири Данияр Айболотович аттуу жаран да пикирин айтты.

Данияр Айболотович "Манас Ордо" комплексиндеги курулуш иштерин аткарган подрядчы компаниянын директору экенин, болгон окуяны "жумуш учурундагы кадимки жагдай" деп атап, тараптар маселени өз ара чечип алышканын билдирди.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жаңжалга катышпаганын, тескерисинче, жаңжалдашкан тараптарды ажыратууга аракет кылганын билдирди.

Курулуш министрлиги жогорудагы окуя боюнча туура эмес маалыматтар тарап жатканын кабарлады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18607