"Сүйлөшкөн кызына барганда сабалган". Ур-токмоктон кийин каза болгон кызматкердин окуясы
Мамлекеттик күзөт кызматында иштеген 23 жаштагы жигит 29-июнда иш учурунда эсин жоготуп, ооруканада каза болгон. Ал каза болгонго чейин Ысык-Көл облусунда сабалганы маалым болду.
Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын күзөтчүсү Ж.Т. 29-июнда Улуттук кардиология жана терапия борборунун жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал ошол күнү эртең менен сапка тизилүү учурунда күтүүсүздөн эсин жоготуп, жыгылып калган. Медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, аны сактап калуу мүмкүн болгон эмес.
Маркумдун көкүрөк тушунда көгөргөн жана сыйрылган издер аныкталып, алардын келип чыгуу жагдайларын тактоо жана өлүмүнүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Материалдар караштуулугу боюнча Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
22-июлда Ак-Суу РИИБине Жети-Өгүз районунун 1992-жылы туулган тургуну З.Б. арыз менен кайрылган. Арыздануучу 12-июнга караган түнү анын бир тууган иниси Ж.Т. Ак-Суу районундагы айылдардын биринде сүйлөшкөн кызына барганда белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко алынып, денесинен жаракат алгандыгын айткан. Ошондой эле иниси окуя тууралуу эч кимге билдирбей, Бишкек шаарына жумушка кетип, 29-июнда каза болгондугун маалымдаган.
Тергөөнүн жүрүшүндө милиция шектүү катары Ак-Суу районунун Ч.С., Д.Н., С.Н., Б.А. жана И.А. аттуу тургундарын кармаган.
Белгилесек, социалдык тармакка каза болгон жигиттин агасы президентке кайрылган видео тараган. Ал УКМКнын 9-бөлүмүндө иштеген инисин Ак-Суу районунда 7 бала ур-токмокко алып, ал каза болуп калгандыгын айткан.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.