Жалил Атамбаевдин уулу чуулгандуу тойдон кийин кызматынан бошотулушу мүмкүн
RU

Жалил Атамбаевдин уулу чуулгандуу тойдон кийин кызматынан бошотулушу мүмкүн

Все самое интересное в Telegram

УКМКнын тапшырмасы менен тергөө органдары тарабынан 12-декабрда, Ош шаарында, бизнесмен Жалил Атамбаевдин уулуна той берүү фактысы боюнча текшерүү башталган. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук комитетинин басма-сөз кызматы берди.

Ведомство айрым райондордо жана Бишкек Ош шаарларында COVID-19га байланыштуу эпидемиялык кырдаалдан улам өзгөчо кырдаал режими киргизилгенин белгилейт.

"Массалык иш чаралрды өткөрүүгө чектөө салынганына карабастан бизнесмен Жалил Атамбаев 1000-ге чукул адам катышкан уулунун үлпөт тоюн уюштурган. Ошол эле маалда санитардык-эпидемиялык талаптарды одоно бузган. Бул коомчулуктун нааразычылыгын жаратты", - деп билдирүүдө жазылган.

Андан тышкары Атамбаевдин уулу, учурда УКМКнын кызматкери. Ага карата сотко чейинки тергөо иштери башталды. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөт, ал кызматынан да бошотулушу мүмкүн, - деп УКМК убада берди.

Текшерүүнүн алкагында, бардык кырдаалды аныктоо максатында Жалил Атамбаев УКМКнын тергөө органдарына чакыртылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/100